Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу Литургиясын аткарды

  24 марта 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 24-мартында, Улуу Посттун 2-жумасында, Фессалонит Архиепискобу, агартуучу Григорий Паламаны эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун Алексеев приделинде эрте Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Улуу Урматтуу менен кызмат өтөгөндөр: Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун ачкыччысы, архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Георгий Дворовой.

Кудай бул Жарык

Агартуучу Григорий Палама

Улуу Посттун экинчи жумасында биз Фессалоникия архиепискобу Агартуучу Григорий Паламаны эскеребиз. Улуу Посттун экинчи жумасында ыйык Чиркөө эгер биз Христостун тирилишин көргүбүз келсе, кошулушубуз керек болгон жарыктын жашыруун сыры жөнүндө айтат. Фессалоникия архиепискобу Агартуучу Григорий Палама жана анын атына байланыштуу болгон XIV  кылымдагы кудай таануу илиминдеги талаш-тартыштар чыныгы жарык деп окутат. Батыштын кудай таануучуларынын ересин четке кагуу менен бул окуу Кудай өзү Жарык деген ыйык китептин жазуусун эске салат жана Кудай-Атаны жана Кудай-Уулду, Жарыктан Жарыкты, чыныгы Кудайдан чыныгы Кудайды тобо кылуу менен биз Кудай-Жарык башка жарыкты – жасалган жарыкты жаратканына ишенебиз, бул тууралуу Бытие китебинде жазылган: “Кудай айтты, Жарык болсун”.

Бул догмалык суроолор Чиркөөнүн жашоосу үчүн алыс эмес болчу. Алар биз үчүн дагы кайдыгер болбошу керек. Эгер биз аларды биздин жашообузга эч кандай тиешеси жок кудай таануунун жөнөкөй же илимий сөздөрү гана катары кабыл алганыбыз туура эмес. Бул бир гана нерсени билдирип турат: кудай бизге карап турган жарык – эч кандай караңгысы жок болгон жарык – биз көрө албайбыз жана биз караңгыда жүргөнүбүз үчүн өкүнбөйбүз. Чиркөөдөгү балээнин баары ишенимдин кандайдыр-бир сырлары биздин тагдырыбызды чечкен күндөлүк жандуу маселе эмес, бизден алыс бойдон калып жаткандыгында, биз Чиркөөдө ишке ашыра турган терең ишенимди, христиандыктын толук көлөмүн жоготуп бара жатабыз.

протоиерей Александр Шаргуновдун китебинен, «Улуу Пост»




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.