Епископ Даниил Бишкектин кафедралык соборунда чин Пассия өткөрдү

  24 марта 2019   На русском
Епископ Даниил совершил чин Пассии в кафедральном соборе Бишкека

2019-жылдын 24-мартында кечинде, Улуу посттун 2-жумасында, Бишкек жана Кырызстан епискобу Даниил Бишкектеги Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда чин Пассия өткөрдү.

Улуу Урматтуу менен бирге кызмат өтөгөндөр: архимандрит Пётр (Путиёв), протоиерей Андрей Борисенко, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Андреев, иерей Владимир Кусаинов.

Чин Пассия өткөргөндөн кийин дин жолундагыларга кайрылган епископ Даниил бул эмнени билдирип тураарын түшүндүрүп берди. Пассия – Христтин Азап тартуулары жөнүндө баяндаган Евангелиенин тексттери окула турган жекшемби күндөрүнүн кечтеринде Улуу Пост менен жүргүзүлө турган өзгөчө Кудайга сыйынуу.

“Христтин Азаптары – бул адам тукуму үчүн куткаруучунун жүрөктөн чыккан толгонуулары. Ал өткөн замандарда жашаган кишилер, замандаштары жана келечектеги кишилер үчүн кайгы тартып турган. Кудай ар бир кишинин жүрөгүн билет, ал кишилердин жүрөктөрү Жаратуучудан алыс болгонуна кейиген. Адам баласы Чыныгы Кудайды билгиси келбей, кандай гана кудай-идолдорду ойлоп тапкан жок. Көптөгөн кишилер Кудайга тиешеси жок нерселерге сыйынышат. Биздин Кудайыбыз – ыйык Троица. Бул биз жашап жана ишенимибизди сактап жүрө турган чындык.

 Пассия 1 жылда 4 жолу болот (евангелисттердин саны боюнча): Улуу Посттун экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи жекшембисинде (же жумасында), кечинде жүрөт. Ар бир Пассияда Христтин азап таруулары тууралуу евангелиенин баяндары окулат.  Бүгүн биз Матвейдин евангелиесин окудук. Андан ары ар бир Евангелиеде Куткаруучу жазаланып жаткан учур баяндалган. Сын айтышат, кол көтөрүшөт, көмүшөт. Ар бир Евангелие Ал табытка бекитилген учур менен аяктайт. Иосиф Аримафейский өзүнө арнап даярдаган табытка салынат.

Биздин бардык Кудайга сыйынуу салттарыбыз биз ар бир жолу өз жүрөгүбүздү Христтин Пасхасынын улуу жана куткаруучу маанисин кабыл алууга, түшүнүүгө жана өзүбүздүн күнөөлөрүбүздү моюнга алып жана өзүбүздү өзгөртүүнүн бирден-бир ыкмасы катары – өкүнүүнү түшүнүүгө даярдоого арналган.

Христтин азаптарына катышуу менен биз Иуданын мерездигин албай, Петрдин өкүнүүсүн билишибиз керек. Ошондуктан бул чинди угуу менен жана аны өз жүрөгүбүз аркылуу өткөрүү менен өзүбүздү Христин жанында элестетебиз жана дубаны угабыз, анда мындайча айталган – Кудай, сен өзүңдүн тазалыгың менен ушул күнөөлүү дүйнөгө келдиң, мени тазала жана мени таза жана күнөөсүз кыл.  Мына ушул чин пассия бизге чыныгы өкүнүүнү, биздин алсыздыгыбызды түшүнүүнү ачып берет жана күнөөлөрү үчүн өкүнүүгө алып келет. Бул чин – Улуу Посттун ак ниет маанайы, биз аны Кудайдын мээрими катары кабыл алабыз. Аминь.

Сыйынуунун соңунда дин жолундагылардын баары пассия учурунда храмдын ортосуна чыгарылган распятиеге, Крестке жакын келип, таазим кылып сыйынышты.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.