2019-жылдын 30-мартында, Улуу Посттун үчүнчү жумасынын алдында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайдын Чыныгы Жандандыруучу Крестин алып чыгуу чини менен Всенощное бдение жүргүздү
Архипастырь менен катар кызмат өтөгөндөр: протоиерей Валентин Никонов, Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун ачкыччысы архимандрит Пётр (Путиёв), собордун клириктери протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Андреев, иерей Владимир Кусаинов.
Улуу Посттун үчүнчү жумасынын жекшембиси Православ Чиркөөсүндө Крестке таазим кылуу жумасы деп аталып келет. Жана Улуу Посттун андан кийинки калганы – төртүнчү жумасы Крестке таазим кылуу деп аталат. Жекшемби күнү кечинде Всенощное бдение өтүп жатканда епископ Даниил храмдын борборуна Кудайдын Жандандыруучу Крестин салтанаттуу түрдө алып чыкты – бул Страстная Седмица жана Христостун Пасхасы жакындап калганын билдирет. Мындан кийин храмдын священниктери жана прихожандары кресттин алдында үч жолу таазим кылышты. Крестке таазим кылынып жаткан убакта жалпы Чиркөө ырдап турду: “Кудайым, сенин крестиңе таазим кылабыз, жана Сенин ыйык тирилүүңдү даңктайбыз”.
Крестти алып чыгуу чини бүткөндөн кийин владыка прихожандарга насаат сөздөрү менен кайрылды. Улуу Урматтуу Крестке таазим кылуу жумасы Улуу Посттун ортосунда болоорун, ал эми кийинки жуманын үчүнчү күнү Посттук Преполовение деп аталаарын, анткени так ушул күнү Улуу Посттун ортосу экендигин белгиледи.
“Эмне үчүн Чиркөө бизге ушул улуу иш-аракетти – Крессти алып чыгуу чинин берет? Бизди сооротуу үчүн. Крестти карап туруп, Пост жүрүп жатканда биздин ар бирибиз улуу сооронуу алышыбыз үчүн. Мисалы, кимдир-бирөөнүн жумушунда, же балдарында көйгөй бар – биз Крестке келебиз, сыйынабуз жана сооронобуз жана биз үчүн ушул кыйын маселе чечилет. Себеби Крест аркылуу бизге белги берилет. Кутулуу деген эмне? Бул кишинин күнөөлөрдөн арылышы, жогору көтөрүлүшү – болуп жаткандарды баары Кудайдан экенин түшүнүүсү. Биз Крестке сыйынганда кудай биздин руханий көзүбүздү ачып берет, биз өзүбүздүн кыйынчылыктардан жана көйгөйлөрдөн ар бирибиз үчүн Кудайдын буйругун көрөбүз.
Кудайдын Крести – бул бизге куткаруу алып келген нерсе. Бейиште турган жыгач аркылуу биздин бабаларыбыздын тил албастыгы аркыуу биз курман болгонбуз. Жыгач крест аркылуу, Кудай Өзүнүн Өлүмү менен көптөгөн кишилерди жолунан азгырган жыландын башын кыйраткан, Кудай тозоктун дарбазасын талкалаган.
Крест – бул курал, ал күнөөлөрдүн баарын жеңет. Крести жок киши Кудайга жол таба албайт. Биз храмдын ортосуна Кудайдын Крестин жалпы таазим кылу үчүн алып чыкканда, биринчи кезекте биз Распятиени көрөбүз. Биз Ага таазим кылабыз, бирок андагы Христти көрөбүзбү?”. Өз сөзүндө Владыка Даниил Кудайдын Крестинин оң жагында жана сол тарабында керилип турган эки каракчынын окуясын эске салды. Алардын бир жексур болгон, анын жүрөгүндө өкүнүү жок болгон. Эстүү каракчы болсо, балким Кудайдын падышалыгы тууралуу эч нерсе билбей туруп, кутулуп кеткен. Ал өзүнүн жүрөгүндө өткөн жашоосу тууралуу өкүнүүсү бар болгондуктан, өкүнгөнү үчүн – эмне үчүн крестке керилгенин билгени үчүн кутулуп кеткен. Бирок Христос эмне үчүн керилип турганын түшүнгөн эмес. Анын жүрөгү өкүнүү аркылуу гана Кудайга ачылган. Мына эми Улуу Пост менен клиросто мындай керемет гимн ырдалып жатат - «Покаянием отверзи мне двери, Жизнодавче», бул деген бизге эшиктер ачылган учурда – биздин жүрөгүбүз өкүнүү үчүн ачык болушу керек экендигин билдирип турат. Бейиш жана түбөлүк жашоо жүрөгүбүз өкүнүү үчүн ачык болгондо гана ачылат. Крест – өлүмдү жеңе турган курал, ага далил болот. Крест аркылуу биз өкүнүүгө даяр болушубуз керек жана аны кайгыруу эмес, үмүт менен кабыл алышыбыз керек. Биз сүйүү жана руханий бийиктик менен чыңдалышыбыз керек. Эгер өкүнүү бизге кайгы алып келсе – анда бул өкүнүү эмес. Демек, биз бир-нерседен коркобуз, же күнөөдөн арылгыбыз келбейт, эгер өкүнүү чын дилден болсо – ал Түбөлүк жашоого үмүт ачып берет. Аминь”.
Сыйынуунун соңунда епископ Даниил прихожандарга архипастырлык насаатын айтты.