Бабий лог жергесиндеги эстелик Кресттин жанына Кудай Эненин Казань иконасы храмынын прихожандары бак отургузушту

  02 апреля 2019   На русском
У памятного Креста в местечке Бабий лог прихожане храма Казанской иконы Божией Матери посадили деревья

2019-жылдын 1-апрелинде, Түп айылына жакын жайгашкан Бабий лог жергесинде Кудай Эненин Казань иконасы храмынын прихожандары, Ысык-Көл облусунун благочини протоиерей Сергий Чувичкин, храмдын башчысы Феогност (Павлов) жана Каракол шаарындагы Пресвятая Троица храмынын казактары динге каршы куугунтук жүргөн жылдары жабыр тарткан, курман болгон Түптүктөрдү, ошондой эле Түркстан епархиясынын репессияланган тынч эли менен дин кызматкерлерин эскерүү үчүн орнотулган эстелик Кресттин айланасына бак-дарактардын, талдардын көчөттөрүн жана гүлдөрдү отургузушту, мурда тигилген бактарды акташты. Бак отургузуу православ динине ишенгени үчүн биринчи атуулар жана куугунтуктоо башталган күндүн жүз жылдыгына арналды.

Маалымкат: 2017-жылдын күзүндө Ысык-Көл благочиндигинин Түп айылына эстелик Крест орнотулган. Бул окуя большевиктердин бийлиги жүргөн жылдары өлтүрүлгөн жаан репрессияланган Түптүктөрдүн элесине арналган. Түп айылынын артында жайгашкан “Бабий лог” деп аталган жерге совет бийлиги орнотулган жылдары, өткөн кылымдын 20-жылдарынан 40-жылдарына чейин биздин ондогон мекендештерибиз-христиандар атылган.

Владыка Даниилдин батасы менен 8-сентябрда, Кудай Эненин Владимир иконасын жана Орто Азиялык ыйыктарды Сретение күнү, ар жылы эскерүү иш-чаралары – литургия, кресттүү жүрүш, панихида, эскерүү тамагы, эскерүү кечелери өткөрүлүп турат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.