Аба ырайы достукка тоскоол боло албайт

  07 апреля 2019   На русском
Погода дружбе не помеха

Өткөн ишембиде – 6-апрелде, катуу жаанга карабастан ар башка конфессиялардын өкүлдөрүнөн турган 40 киши Бишкек шаарынын Москва жана Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Тоголок Молдо скверине конфессиялар аралык ишембиликке чогулушту. Ишембиликти Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинин жана Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурду. Ишембиликтин негизги максаты жашылдандыруу жана тазалоодон тышкары өлкөнүн ар башка конфессияларынын: Мусулмандардын, Православдардын, Католиктердин жана Протестанттардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо болду.

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын атынан ишембиликке епархиянын катчысынын коомчулук менен байланышуу боюнча жардамчысы протоиерей Алексей Сыромятников, жаштар иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси иерей Илия Меляков жана Кыргызстан жаштар кыймылынын ыктыярчылары катышты. 

Ишембиликтин жүрүшүндө катышуучулар жашылдандыруу ишканасы тарабынан берилген 100дөн ашык көчөттү отургузушту. Баары даяр болгондо жаандын басылышы таң калыштуу жана жакшы белги болду, көчөттөр ийгиликтүү отургузулду. Иш-чаранын уюштуруучулары зарыл нерселердин баары (көчөттөр жана куралдар) менен гана камсыз кылбастан, даамдуу таңкы тамак дагы беришти, бул тамак катышуучуларга күч-кубат гана бербестен, пикир алмашуу үчүн кошумча шарт болуп калды.

Ишембилик шаарга гана пайда алып келбестен, анын тургундарынын ортосунда тутунган динине карабастан жылуу жана достук мамиле курууга мүмкүнчүлүк берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.