Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аянтында пост тамактарынын алгачкы көргөзмө-жармаңкеси болду

  10 апреля 2019   На русском
На площади Свято-Воскресенского кафедрального собора прошла первая выставка-ярмарка постных блюд

7-апрелде, Благовещения Пресвятой Богородицы күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин батасы менен ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагында пост тамактарынын кайрымдуулук жармаңкеси болду.

Благовещение Пресвятой Богородицы – двунадесятый жылбаган майрам, 7-апрелде майрамдалат жана Улуу Постко туура келет. Бул күнү балык жана деңиз продукттарын бышырууга болот. Так ошол себептен пост тамактардын жармаңкеси ушул датага арналды – иш-чара таңкы Литургиядан кийин өттү.

Жармаңкеге Чүй өрөөнүндө жайгашкан храмдардын бардык приходдору катышты. Ыйык-Воскресенск соборунун атынан пост тамактарды епархиянын социалдык бөлүмү даярдады. Бөлүмдүн кызматкерлери орустун салттуу рецеби боюнча капуста чыктап, Норвегия балыгын жыттуу тузлукка туздашты, салаттын бир нече витаминдүү түрүн жана балык закуска даярдашты. Ошондой эле иш-чаранын меймандарын адаттан тышкары варениктер жана жаңы капуста, картошка, пияз жана жыттуу чыктар менен таң калтырышты.  

Россиянын “Кант” аба базасынын кызматкерлери жармаңкенин катышуучуларын акысыз аскердик гречка ботко жана кытырак тыштуу балык котлет, салаттар, ысык жана муздак тамактар менен сыйлашты.

Быйыл Улуу Посттун убагында балык жегенге уруксат берилген дагы бир күн бар. Бул – Кудай Иерусалимге кирген күн, же Вербное воскресенье. Епископ Даниилдин батасы менен жана прихожандардын суранычы боюнча бул күнү дагы бир жолу пост деликатестеринин жармаңкеси өтөт. Тамактар үчүн берилген кайрымдуулук каражаттарынын баары социалдык долбоорлорго бөлүнөт.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2025 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.