Ыйык князь Владимир мектебинде православ китебинин күнү белгиленди

  11 апреля 2019   На русском
День православной книги отметили в школе святого князя Владимира

11-апрелде Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун жыйындар-залында князь Владимир мектебинин окуучулары үчүн Православ китеби күнүнө арналган иш-чара өттү. Ал салт болуп калгандай, дуба айтуу жана мектептин духовниги протоиерей Андрей Кунавиндин учурашуу сөзү менен башталды.

Орустун тарыхында алгачкы жолу китеп басылып чыккан күндүн урматына Православ китеби күнүн майрамдоо мектепте үчүнчү жолу өткөрүлүп жатат.

“Православ маданиятынын негиздери” предметинин окутуучусу Басова Мария Александровна китеп басып чыгаруу, алгачкы китеп жана анын түзүүчүсү жөнүндө кызыктуу презентация даярдады. Балдар Орустун тарыхында алгачкы китеп басып чыгаруучу – диакон Иван Федоров жөнүндө, “Апсотол” алгачкы китебинин тарыхы, алгачкы басма үйү тууралуу билишти. Окуучулар презентацияда сунушталган колго жазылган алгачкы китептердин фото сүрөттөрүн гана көрбөстөн, епариянын тарыхий музейинен алынып келген 19-кылымдагы диний китептерди дагы көрүштү. Мындан тышкары, кенже окуучулар алгачкы китептерде колдонулган орнаменттик тамгаларды боеп, тарых менен таанышуусун башташты.

Экинчи бөлүгүндө, викторинадан кийин, Мария Александровна “Орус адабиятындагы Библиялык дубалар жана алардын окуучулардын руханий дүйнөсүн калыптандырууга тийгизген таасири” презентациясын сунуштады, орус адабиятындагы Эски жана Жаңы осуяттардын Библиялык образдары жөнүндө айтып берди. Бир нече окуучу өздөрүнүн сүйүктүү китептеринин руханий-нравалык аспекттерин бөлүп көрсөтүү менен презентация даярдашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө балдар диний жана көркөм адабияттарды аң-сезимдүү үйрөнүүгө мотив алышты, ар бир чыгармадан христиандык нрава жана таалим берүүчү маани алууга үйрөнүштү.  

Соңунда мектептин директору Аристова С.И. жана мектептин  духовниги протоиерей Андрей Кунавин жакында болгон V эл аралык олимпиаданын катышуучуларын сыйлашты. Байге ээлери дипломдор жана китептер менен сыйланышты, калган катышуучулар – эстелик сертификаттар, ал эми викторинанын активдүү катышуучулары – таттуу белектер менен сыйланышты.

Педагогдор менен окуучулар иш-чаранын уюштуруучусу М.А.   Басовага таанып-билүүчү программа жана кызыктуу форматта иш-чара өткөргөнү үчүн ыраазылык айтышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.