2019-жылдын 24-апрелинде, Кумардуу жумада, Улуу Шаршембиде, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Беловодск айылындагы Архистратиг Божий Михаил храмында Мурда касиет киргизилген тартуулар литургиясын аткарды.
Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, епархиянын катчысы, Архангельск храмынын башчысы иерей Александр Пелин, иеромонах Серафим (Шаталин), иерей Георгий Дворовой.
Кудайга сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылды:
«Кымбаттуу ага-инилер жана эже-карындаштар, бүгүн биз Жараткан Симондун үйүндө турганда, бул үйгө бир аял келип, асыл дүйнө толгон идишти сындырып, аны менен Жараткандын бутун шыбап, ыйлап жана андан кийин аларды өзүнүн чачы менен сүрткөн Евангелие окуясын эстеп жатабыз. Ошондо окуучулары аң-таң болушат – мынчалык чыгымдын эмне кереги бар эле, анткени бул дүйнө толгон идиш өтө кымбат эле. Буга Жараткан деп жооп кайтарат, бул аял Аны көргө коюуга камдап жатат. Асыл дүйнө бекер төгүлгөнү тууралуу идея Иудага таандык болгон. Ал бул акчаны жакырларга сарптаса боло турганын айтат. Бирок Иуданын жүрөгүн жакырлар эмес, анын алтын-күмүштү жактыргандыгы ооруткан, ал анын түбүнө жеткен. Бүгүнкү Евангелие айтып жаткан окуя абдан маанилүү – аял Жаратканды көргө коюуга камдайт жана асыл буюмдарды алып келет, ал эми биз өзүбүздүн асыл дүйнөбүздү алып келишибиз керек – бул биздин сыйынуубуз, тобо кылуубуз. Жаратканга дал ушул баалуу дүйнөнү тартуулап – кылган күнөөбүзгө чын дилден тобо кылуубуз керек. Бул карапайым иудей аял бизди дүйнөнү арноо, биздин сыйынууларыбызды арноо аркылуу Жараткан Ал даярданган нерсени – адамзатты түбөлүк куткаруу үчүн өзүнүн Кресттеги Өлүмүн кабыл алат».
Андан кийин башчы Даниил катышкандарды ыйык Христос Сырларын кабыл алуу менен куттуктады жана баарына архипастырлык батасын берди.