Епископ Даниил он эки Страстное Евангелие окуу менен Улуу Бейшемби сыйынуусун жүргүздү

  25 апреля 2019   На русском
Епископ Даниил совершил вечернее богослужение Великого Четверга с чтением двенадцати Страстных Евангелий

2019-жылдын 25-апрелинде, Улуу Бейшембинин кечинде, Бишкек жана Кыргызстан Епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда он эки Страсное евангелие окулган кечки сыйынууну башкарды.

Улуу Урматтуу менен катар собордун дин кызматчылары кызмат өтөштү.

Сыйынуу Гефсим багындагы кандуу терден тартып Голгофтогу крестке керилгенге чейинки Христтин куткаруучу азап тартууларын эскерүүгө арналды.

“Он Эки Евангелие” сыйынуусу Страсной Бейшембинин кечинде жүргүзүлө турган улуу посттук сыйынуу. Мазмунунда Куткаруучунун бардык азап тартуулары жана өлүмү тууралуу благовестие камтылган, бардык евангелисттердин ичинен тандалган жана түнкү сааттардын саны боюнча он эки окууга бөлүнгөн, анысы менен дин жолундагылар Кудайды Гефсим багына узатып барган апостолдор сыяктуу эле түндү толугу менен Евангелие окуп өткөрүшү керек экендигин көрсөтүп турат.

Страстное Евангелиелерди окуу айрым өзгөчөлүктөр менен коштолот: окуу ырааттуу болот жана алардын мазмунуна дал келген ырдоо менен коштолот: “Кудайдын узакка созулган чыдамдуулугун даңазалайбыз”, благовест менен кабарланат, дин жолундагылар шам жагып алып угушат.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.