Кыргызстандык зыяратчылар Бишкекке Берекелүү отту алып келишти

  29 апреля 2019   На русском
Кыргызстанские паломники привезли Благодатный огонь в Бишкек

2019-жылдын 29-апрелинде, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын приходдорунун өкүлдөрүнүн зыяратчы тобу Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна Иерусалимде Жараткандын табыты храмында жагылган Берекелүү от бар идишти жеткирди.

Ыйык жуманын Дүйшөмбүсүндө, саат 16.00дө Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун собордук аянтында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил зыяратчылардын колунан Берекелүү от бар идишти кабыл алды. Дин кызматкерлеринин жолугушуусу Бишкек, Беловодск жана Чүй-Токмок благочиние дин кызматкерлеринин катышуусунда, православ адамдардын топтолуусу менен өттү.

Салтанаттуу жолугушуудан кийин дароо башчы Даниил Ыйык жуманын Дүйшөмбүсүнүн кечки сыйынуусун аткарды, сыйынуу убагында соборго келгендерге Берекелүү отту таратты.

Кудайга сыйынууга катышкандарга кайрылуу менен, Улуу урматтуу Ал биринчи кезекте Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентийге жыл сайын берилүүчү биздин зыяратчылардын Ыйык жерде болуу мүмкүнчүлүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди, ошондой эле зыяратчыларга жасаган эмгектери жана татыктуу аткарылган оор миссиясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кызмат аяктагандан кийин кудайга сыйынууга катышкан дин кызматкерлери өздөрүнүн благочиниелеринин бардык приходдоруна Берекелүү отту алып барышат. Республиканын түштүк жагындагы Ош жана Талас благочиниесине Берекелүү от кыргызстандык делегациянын катышуучусу, иерей Анатолий Золотарев тарабынан жеткирилди.

Бул жылы, епископ Даниилдин батасы менен кыргызстандык топтун курамына кирди:

Ыйык азап чегүүчү Вениамин, Петроградск митрополити атындагы храмдын башчысы иерей Александр Дмитриев (Ысык-Көл благочиниеси, Чолпон-Ата ш.);

Инна Чувичкина (Ысык-Көл благочиниеси, Каракол ш.);

Лариса Распутина-Проскурякова (Борбордук благочиние, Бишкек ш.);

Евгений Хицко (Талас благочиниеси, Талас ш.);

Анастасия Шушпанова (Талас благочиниеси, Талас ш.);

Олеся Озерова (Беловодск благочиниеси, Сосновка а.);

Михаил Чуракаев (Борбордук благочиние, Бишкек ш.);

Вадим Украинцев (Петровка а.).









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.