Епископ Даниил Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясынын IX курултайынын ачылышына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

  03 мая 2019   На русском

Епископ Даниил принял участие в торжественной церемонии, посвященной открытию IX курултая Ассамблеи народа Кыргызстана

2019-жылдын 3-майында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын 25 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болду.

Иш-чараны ачып жатып мамлекет башчысы Кыргызстан элинин Ассамблеясын 25 жылдык маарекеси менен куттуктады жана катышуучуларга учурашуу сөзү менен кайрылды.

Епископ Даниил иш-чарага ардактуу мейман катары чакырылган.

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөн курултайдын ишине Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын атынан протоиерей Андрей Борисенко катышты.

Делегаттар КР коомдук-саясий турмушундагы ассамблеянын ролун жана келечектеги өнүгүүсүн, кыргыз элинин биримдигин чыңдоо жана жарандык интеграция үчүн шарттарды түзүү маселелеринде мамлекеттик бийликтин бутактары менен өз ара аракеттерди талкуулашты.

Кыргызстан элинин Ассамблеясынын (КЭА) курултайына 15 өлкөдөн 400дөн ашык киши чакырылды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.