Бишкек епархиясында VII Билим берүүчү Пасха окуулары ачылды

  03 мая 2019   На русском
В Бишкекской епархии открылись  VII Образовательные Пасхальные чтения

2019-жылдын 3-майында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин батасы менен Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун Маданий-агартуу борборунун жыйындар-залында VII Билим берүүчү Пасха окуулары иштей баштады. Быйылкы окуулар Улуу Жеңиш темасына арналган.

Собордук сыйынуудан кийин башчы Даниилдин атынан учурашуу сөзү менен епархиянын катчысы иерей Александр Пелин чыгып сүйлөдү.

Чакырылган меймандардын арасында Лениград блокадачылар коомунун жана ардагерлер союзунун өкүлдөрү болушту. Биринчи май районунун ардагерлер союзунун кеңешинин төрагасынын орун басары Тентиев Жеңиш Тентиевич катышуучулардыХристостун Пасхасы менен жана 9-Май майрамы менен куттуктады, блокадачы Галина Ивановна Тольская согуш жылдарындагы өзүнүн балалыгы тууралуу айтып берди.

Салтанаттуу ачылыштан кийин епархиянын билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси протоиерей Андрей Кунавин “Жеңиштин мураскерлери” изилдөө долбоорун презентациялады, анда согуштун түздөн-түз катышуучуларынан согуш тууралуу маалыматтарды топтоонун жана келечек муундар үчүн ардагерлердин эрдиги тууралуу эстеликти сактап калуунун маанилүү экендигин белгиледи.

«Родина» аскердик-спорттук клубунун жетекчиси Сергей Торопов клубдун иши жөнүндө жана анын тарбиялануучулары жөнүндө айтып берди. Ыйык князь Владимир мектебинин директору Аристова Светлана Ивановна  блокадачылар коомунун төрагасы Кутанова Анна Алексеевна жөнүндө презентациясын сунуштады.

Ошондой эле тарыхчы Кемелбек Кожомкулов, тең апостол князь Владимир соборунун клириги диакон Андрей Тонких жана жаштар бөлүмүнүн жетекчиси иерей Илия Меляковдор өздөрүнүн баяндамалары менен чыгып сүйлөштү.

Чыгып сүйлөгөндөрдүн баары өсүп бара жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоонун жана ардагерлердин эрдиги тууралуу эстеп жүрүүнүн маанилүү экендигин баса белгилешти.

Андан кийин келгендерге арналган концерт болуп, ага ыйык князь Владимир мектебинин окуучулары жана республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаты - «Соловушки» балдардын вокалдык ансамбли (Кара-Балта шаары) катышты. Концерттин репертуары дагы Улуу Жеңишке арналды.

Окуулардын программасына жаштан үчүн мастер-класстар жана тегерек стол кирген, алар 4-майда өтөт.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.