VII Билим берүүчү Пасха окууларынын экинчи күнү

  05 мая 2019   На русском
Второй день VII Образовательных Пасхальных чтений

Эртең менен епархиянын жаштар бөлүмү “Православие. Жаштар. Учур” тегерек столун өткөрдү. Ксения Петербургская (Балыкчы шаары) храмынын башчысы протоиерей Артемий Долотов, Покрова Пресвятой Богородицы (Кант шаары) храмынын башчысы иерей Олег Бибик жана епархиянын жаштар бөлүмүнүн жетекчиси Илия Меляков жаштар менен чыныгы бакыттын жана кубанычтын булагы болгон Кудай жөнүндө маектешүү жүргүзүштү. Андан кийин заманбап жаштар жана кишилер үчүн Жеңиштин мааниси жөнүндө сүйлөшүштү.

Жаштар секциясынын иши менен бир убакта декарациялык-колдонмо чыгармачылыгы жана көркөм искусство боюнча сабактар жүрүп жатты.

Епархиянын социалдык жана билим берүү бөлүмдөрү кокошник даярдоо боюнча мастер-класс уюштурушту. Кыздар жана аялдар үчүн салттуу орус баш кийимдери, алардын түрлөрү жана маанилери жөнүндө презентация көрсөтүлдү, ошондой эле кыздардын кокошнигин даярдоо ыкмасы көрсөтүлдү.

Сүрөтчү Макеева Евгения Юрьевна Кемерево көркөм жазуу сүрөтү боюнча мастер-класс өткөрдү. Бир мазок техникасы менен таанышкандан кийин катышуучулар боелгон жумурткаларга ромашка тартышты. Түшкү тамактануудан кийин тактачаларды пайдалануу менен иштешти.

Мастер-класстарга ыйык князь Владимир мектебинин окуучулары, ошондой эле православдык жалпы билим берүүчү жана жекшембилик мектептердин мугалимдери катышышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.