Алатырь жана Порецк епискобу Феодордун жана Яранск жана Луза епискобу Паисийдин Кыргызстанга болгон сапары

  11 мая 2019   На русском
Визит епископа Алатырского и Порецкого Феодора и епископа Яранского и Лузского Паисия в Кыргызстан

Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниилдин чакыруусу боюнча Кыргызстандын борбор шаарына Алатырь жана Порецк епискобу Феодор жана Яранск жана Луза епискобу Паисий бир туугандык сапар менен келишти. Архипастырлардын сапары Пасха салтанатынын - Христтин тирилишинин урматына арналды.

2019-жылдын 11-майында, Пасха боюнча 2-седмицада, архиерейлер Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүштү.

Архипастырларга борбор калаадагы эки собордун – Ыйык-Воскресенск жана Владимир соборлорунун дин кызматкерлери, ошондой эле Россиядан, Италиядан жана Молдовадан чакырылган священниктер көмөк көрсөтүп турушту. 

Сыйынуу бүткөндө ыраазылык билдирүү молебени өткөрүлдү. Андан кийин үч епархиянын владыкалары кезеги менен келгендерди Ыйык Пасха майрамы менен куттукташты, ошондой эле Куликов Сергей Сергеевичти иподиакондук хиротессиянын 5 жылдыгы менен куттукташты. Епископ Даниил бул кызматкер “абдан көп кызмат өтөп жана биздин Чиркөө Энебизге жардам берип келгенин” белгиледи.

Башчы Даниил Сергей Сергеевичке 1-даражадагы Ысык-Көлдүк Преподобный Ираклий медалын тапшырды. Епископ маареке ээсине руханий ден соолук жана саламаттык каалады, ошондой эле анын үй-бүлөсүнө – жубайына жана кыздарына Кудайдын жардамын каалады. Владыка чоң тажрыйбага ээ болгон Сергей Сергеевич диакондук хиротонияда Чиркөөгө кызмат өтөөсүн уланта берээрине ишенээрин билдирди.

Архиерейлердин баары өздөрүнүн кайрылууларында ар башка өлкөлөрдүн дин кызматкерлеринин ортосунда собордук баарлашуу маанилүү экендигин баса белгилешти жана бир туугандык алаканы жана достукту колдоп турганы үчүн Кудайга ыраазылык айтышты.

Бул күнү сыйынууга Россиядан, Италиядан жана Молдовадан чакырылган 11 мейман катышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.