Бишкек жана Кыргызстан Епискобу Даниил православдардын баарын Мироносица-Аялдардын Күнү менен куттуктады

  11 мая 2019   На русском
Епископ Бишкекский и Кыргызстанский Даниил поздравил всех православных женщин с Днем Жен-Мироносиц

Кымбаттуу аялзаты, Христти сүйгөн эжелер!

ХРИСТОС ВОСКРЕСЕ!

    Терең руханий кубаныч менен сиздерди православ аялдардын күнү – Мироносица-Аялдар Күнү менен куттуктайм!

    Бүгүн ыйык Чиркөө Куткаруучунун эң жакын шакирттеринин аркасында туруп, ишеними жана сүйүүсү менен ыйык апостолдордон кем калышпаган аялдардын руханий эрдиктерин эскерет жана даңазалайт. Так ушул Мироносица-аялдар Куткаруучунун кресттеги өлүмүнө күбө болушкан жана Анын Тирилгенин алгачкылардан болуп угушкан. Евангелие баяндагандай, Кудай бул аялдардын жүрөгүнө абдан көп жылуулук, мээрим жана сүйүү берип, аларды улуу иштерге жана өздөрүн курмандыкка чалууга дем берип турган.

Мироносица-Аялдар аркылуу биз аялдардын багыты жана коомдук кызматы тууралуу улуу жана таза Евангелие окуусун так аткарган жана өз өмүрүндө жүзөгө ашырган бардык аял-христиандардын эрдиктерин эскеребиз жана урматтайбыз.

Бүгүн храмдарга келип жаткан аялдар Кудайга каршы күрөш жүргөн татаал заманда Кудайдын Сөзүн жайылткан жана өз балдарын православ динине окуткан аялдардын улантуучулары болушат. Бул эмгектердин жемиштерин биз бүгүн дагы адамдардын акырындык менен Чиркөө-Эненин кучагына кайтып жаткандыгынан көрүп турабыз.

    Кымбаттуу биздин Христти сүйгөн эжелерибиз! Бардык эркектердин атынан, Христти сүйгөн бир туугандарыңардын атынан сиздердин эмгегиңиздер, сиздердин чыдамыңыздар, сиздердин сүйүүңүздөр үчүн чын дилден чыккан терең ыраазылык билдирем!

Кудайга жалынуу менен сиздерге ушул жаркын майрамда бекем ден соолук, тынчтык жана сүйүү, бардык иштериңиздерге Кудайдын берекелүү жардамын каалайм!

Мээримдүү Кудай жашооңуздардын ар бир күнү Кудайды даңазалоо менен жакындарыңыздарга жакшылык жасай берүү үчүн сиздерге күч-кубат берсин!

 

Бишкек жана Кыргызстан епискобу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.