Ыйык Мироносица-аялдар күнү Бишкектеги Владимир соборунда Архиерейлик Кудайга сыйынуу болду

  12 мая 2019   На русском
Архиерейское богослужение во Владимирском соборе Бишкека в день Святых жен-мироносиц

2019-жылдын 12-майында, Пасха боюнча 3-жумада, ыйык Мироносица-аялдар күнү, Алатырь жана Порецк епискобу Феодор жана Яранск жана Луза епискобу Паисий, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостол улуу князь Владимир соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрүштү.

Арипастырларга Бишкектин соборлорунун дин кызматкерлери жана Россиядан, Италиядан жана Молдовадан келген священниктер көмөк көрсөтүп турушту.

Литургия бүткөндөн кийин архипастырлар кезеги менен Владимир соборунун прихожандарына кайрылуу жасашты.

Өздөрүнүн кайрылууларында владыкалар аялдарды ыйык мироносица-аялдардын күнү менен куттукташып, алардын куткаруу иштерине, күнүмдүк иштерине жана жакындарына жана туугандарына кам көрүүдө Кудайдын эбегейсиз жардамын тилешти. Епископ Паисий Бишкек епархиясында олуттуу послушания алып жаткан көптөгөн аялдар бар экендигин канааттануу менен белгиледи. Епископ Федор Кудайды куугунтуктоо жүргөн убакта мироносица-аялдар сымал коркутуулардан коркпостон, Кудайдын храмына келишип жана Кудайды дайыма угуп турган “аялдардын аркасында Орус Чиркөөсү сакталып калганын” белгилеп кетти. Владыка Даниил дагы биздин аялдардын эмгектерин жана көп сандаган иштерин белгилеп, аларга Кудайдын мээримин, руханий жана дене саламаттыгын каалады.

Чакырылган архиерейлер өздөрүнүн кайрылууларында владыка Даниилге “ушул берекелүү жерге келүүгө жана ушул жерде болгон Православиенын салтанатын дагы бир жолу көрүп кетүүгө” чакырганы үчүн ыраазылык билдиршти. Өз кезегинде епископ Даниил дагы владыкаларга жана келген меймандарга бир туугандык сапары жана собордук сыйынуусу үчүн ыраазычылык айтты.

Маалымкат: пасха циклинин үчүнчү жекшембиси ыйык мироносица-аялдардын урматына аталган.

Бул майрам жөнөкөй аялдарга – Христтин окуучуларына, Устатынын артынан калбай жүрүп, көпчүлүк апостолдор качып кеткен кыйын учурда дагы Аны таштап кетпеген Кудайдын шакирттерине арналган. Бул күнү эскерилген окуя дагы жөнөкөй – Куткаруучу каза болгондон үч күн өткөндө Аны жерге берүү ырасмысына аялдар Анын табытына барышкан. Алар колдоруна миро – кымбат баалуу жыттуу май кармап барышкан – алар Иисустун денесин майлоо үчүн бара жатышкан.

Алар мүрзөгө жеткенде үңкүр ачылып калганын көрүшкөн. Үңкүрдүн ичине кирген аялдар периштени көрүшкөн, периште аялдарга алар издеп жаткан Адам тирилип, аларды Галилейде күтүп жатканын айткан. Жакшы кабарды уккан Христтин шакирттери шаарга, үйдө отуруп алып, кайгырып жатышкан апостолдорго барышкан.

Кийин Кудай калган – апостолдорго, шакирттерине жана шериктерине көрүнгөн. Бирок кубанычтуу кабарды алгачкы болуп миро көтөргөн аялдар – карыялардын куугунтугунан, периште келгенге чейин Христтин денесин кайтарып турган римдик күзөтчүлөрдүн орой мамилесинен, башка коркунучтардан коркпогон аял-мироносицалар угушкан. Кудайдын шакирттерин сүйүү – Кудай өзү окутуп кеткен, эч кандай тоскоолдуктар- ал тургай өлүм дагы токтото албаган  чыныгы сүйүү жетелеп барган.

Мироносица-аялдар күнү Православиеде 8-марттын аналогу катары эсептелет. Революциячыл-аялдын жана феминист-чатакчыл аялдын күмөндүү идеалынын ордуна Чиркөө биздин энелерибиздин, жубайларыбыздын, кыздарыбыздын, эже-карындаштарыбыздын таптакыр башка сапаттарын даңазалап келет. Эң ириде бул назиктик, ишенимдүүлүк, сүйүү жана баарын жеңип чыга турган чыныгы ишеним. Аялдын алсыз табыйгатына жеткиликтүү болгон жана эң катаал туңгуюкта дагы жарык нур чачкан ишенимди жана сүйүүнү даңктайт.

 

 «Фома» журналынын материалдары боюнча.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.