Епископ Даниил ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  13 мая 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 13-майында, Пасха боюнча 3-седмицада, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

Улуу урматтуу менен катар Бишкек епархиясынын бардык благочиндиктеринин дин кызматкерлери жана Молдовадан жана Италиядан чакырылган священниктер кызмат өтөштү.

Литургиянын соңунда епископ Даниил көп жылдан бери өнөрканага жардам берип келген Тен Ирина Александровнага “Бишкек жана Кыргызстан епархиясы жана Ыйык Чиркөө үчүн чын дилден өтөгөн эмгеги үчүн” Архиерейлик грамота тапшырды. Андан кийин Кыргызстандын бардык православ христиандарынын атынан Епископ Молдованын Ыйык-Успенск Каприян эркектер монастырына Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийдин кубаттары бар иконаны жана Италиянын Милан шаарындагы Живоносный Источник Дары храмына Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийдин кубаттарынын бөлүктөрүн тартуулады. Молдованын жана Италиянын дин кызматкерлерине кайрылуу менен владыка Даниил буларды айтты: “бул ыйыктарды керемет Кыргыз жеринен белек катары алып коюңуздар, жана 10-июнда жана 13-сентябрда эскерилип турган биздин ыйыгыбыз - Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийге сыйынып туруңуздар”.

Бүгүн Ыйык-Воскресенск кафедралык соборуна сыйынуу үчүн епархиянын бардык благочиндиктеринен священниктер өздөрүнүн үй-бүлөлөрү менен бирге келишти. Архиерйдин батасы менен сыйынуу бүткөндөн кийин алар жакшы баарлашуу жана өз ара түшүнүшү үчүн бирге эс алышат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.