Епископ Дании княгина Ольга храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды

  03 июня 2019   На русском
Епископ Дании совершил Божественную литургию в храме княгини Ольги

2019-жылдын 2-июнунда, Пасха боюнча 6-жумада, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил ыйык тең апостоль улуу княгина Ольга храмында Кудайга сыйынуу литургиясын аткарды.

Улуу урматтуу Аны менен кызмат өтөштү: протоиерей Валентин Никонов, протоиерей Алексей Зайцев.

Литургия аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөөгө келген адамдарга архипастырлык сөзү менен кайрылып, сокурлук жөнүндө баяндаган жекшембилик Евангелиени түшүндүрүп берди. Жараткан кайыр сурап жаткан сокур адамдын жанынан өтүп баратканда, Ал жерге түкүрүп, шилекейди аралаштырып баткак жасайт жана аны сокур адамдын көзүнө шыбайт (Ин. 9: 6). Андан соң ал адам Силоам көлмөсүндө жуунат жана көзү көрүп калат. Фарисеи жана айрым коңшулары ал сокур болуп, эми көзү көрүп калганына ишенишпейт (Ин. 9: 18). Алар сокур адамдан, анын ата-энесинен окуя кандай болгонун тактап сурап башташат. Алар бул кандайча болгонун билбей турганын, жөнөкөй адам мындай кереметти жүзөгө ашыра албастыгы анык экенин айтышат. Сокур адамдын сакайышы менен куттуктагандын ордуна, аксакалдар аны жемелешет: “Сен оор күнөө менен төрөлгөнсүң” дешет (Ин. 9: 34), – жана кууп жиберишет. Көзү көрүп калган адам Христке жолукканда, Аны өз көзү менен көрөт, ошондо Ага жүгүнөт.

“Бул евангелие окуясы адамдарда кездеше турган физикалык сокурлук жөнүндө гана айтпайт, ал көбүнчө руханий сокурлуктун трагедиясы жөнүндө айтат. Адамдар кекирейип жана алардын жүрөгү сүйүүгө эмес, Кудайга ыраазычылыкка эмес, өзүнүн кызыкчылыктарына жана салттарына толгон кезде ушундай болот, анткени иудей Кудайга эмес, ишембиге кызмат кылат. Тилекке каршы, руханий сокурлук Евангелиеде айтылган адамдарга гана эмес, бизге дагы тиешелүү. Жашоодо биз көп учурда Жаратканга карай жолду көрбөйбүз. Бирок биз жүрөгүбүздү тобо кылуу менен тазалап, андан жамандыкты, жек көрүүнү, сынга алууну кууп чыкканда гана, Кудай сүйүү аркылуу таанылат. Тобо кылууда жүрөк тазаланат жана Кудайдын берекеси берилет”.

Осуят сөз аяктагандан кийин башчы Даниил чиркөөгө келгендерди өзүнүн жан дүйнөсүнүн жана жүрөгүнүн абалына байкоо салууга, тобо кылуунун жана өз жашоосуна кылдат мамиле кылуунун аркасында руханий сокурлуктан арылууга чакырды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.