Жалал-Абад жана Көк-Жаңгак храмдарында балдар үчүн иш-чаралар өттү

  02 июня 2019   На русском
Детские мероприятия прошли в храмах Джалал-Абада и Кок-Жангака

Жалал-Абаддан алынган маалымат боюнча, 2019-жылдын 1-июнунда, Жалал-Абад шаарындагы храмда жекшембилик мектептин окуучулары үчүн майрамдык иш-чара уюштурулган. Храм башчысы Чогулгандарды майрамы менен куттуктады, андан кийин балдарга  «Акыл кошуу тууралуу» Ыйык Кудай Эненин образына сыйынуу менен иконалар тартууланды.

2-июнда Ыйык Кудай Эненин Туулган күнү храмында (Көк-Жаңгак ш.) “Сретение” жекшембилик мектебинин окутуучуларынын жана окуучуларынын демилгеси боюнча бир нече окуяга – Пасхага, 9-майга, Мироносиц Аялдарынын күнүнө жана “Балдарды коргоо” күнүнө арналган майрамдык концерт өткөрүлдү. Кудайга сыйынуудан кийин майрамдык дасторкон уюштурулду жана храмга келген адамдардын атынан белектер тапшырылды. Жалал-Абадга кайтканда жекшембилик мектептин балдары сунуш киргизишти – алыскы райондордо жашаган православдар менен баарлашуу жана алардын рухун көтөрүү максатында жайкы каникул убагында майрамдык концерт менен Кыргызстандын түштүгүнүн бардык чиркөө коомдоруна баруу сунушун айтышты.

Майрамдык иш-чарага Ош шаарындагы “Роскызматташтыктын” өкүлү Алексеев Василий Николаевич катышты, ал балдарга белектерди жана таттууларды тапшырды.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.