Бишкекте «Надежда» кризиске кабылган кош бойлуу аялдар үчүн башкалка жайы ачылды

  04 июня 2019   На русском
В Бишкеке состоялось открытие приюта для кризисных беременных «Надежда»

2019-жылдын 3-июнунда Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагында «Надежда» кризиске кабылган кош бойлуу аялдар үчүн башкалка жайы ачылды. Салтанаттуу иш-чара Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил аткарган кыска сыйынуу менен башталды. Андан кийин Улуу урматтуу башчы Кайрымдуулук үйүнө кирди жана бөлмөгө касиет киргизүү ырым-жырымын жасады.

Ачылыш салтанатка төмөндөгүлөр катышты: ГФР КРдагы Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси Ирья Берг айым; Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аналитика бөлүмүнүн башчысы Исаева Гулназ Конурбаевна; Свердлов районунун акими Осмонов Мурат Мукашбеков; Бишкек ш. мэриясынын Биринчи май муниципалдык администрациясынын социалдык бөлүмүнүн өкүлдөрү ж.б.

«Надежда» кризиске кабылган кош бойлуу аялдар үчүн башкалка жайы – бул үч өлкөнүн – Россиянын, Германиянын жана Кыргызстандын биргелешкен долбоору. «Соработничество» агартуу демилгелери фонду “Православ демилгеси” эл аралык ачык гранттык конкурсунун алкагында жабдуу сатып алууга каражаттарды бөлүп берди; ГФР Кыргызстандагы Элчилиги башкалка жайынын бөлмөлөрүн оңдоону жарым-жартылай төлөп берди; Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын социалдык кызмат жана кайрымдуулук бөлүмү долбоорду жүзөгө ашыруунун бардык этаптарын тең каржылады.

Башкалка жайы бир убакта анда балдары менен төрт эненин болушу үчүн эсептелген. Алар үчүн бокстор жабдылган, анда камкордукка алынгандар коопсуздукта жана жайлуулукта болушу үчүн бардык керектүү нерселер бар. Башкалкада жашагандарга социалдык кызматкерлер, юрист, дарыгерлер жана дин кызматкерлери жардам көрсөтүшөт. Оор жашоо кырдаалына кабылган балдары бар аялдар алардын көйгөйү чечилгенге чейин бул жерде белгилүү убакыт жашап гана турбастан, социалдык жана материалдык жардам, ошондой эле психологиялык жана руханий колдоо алышат.

Башкалка жайынын ишинин башкы максаты – эгер келечектеги энеде ар кандай кыйынчылыктардан улам бойдон алдыруу жөнүндө ой жаралса, баланын өмүрүн сактап калуу. Аялдар балдары менен өз алдынча жашап баштаганда, башкалканын кызматкерлери Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын социалдык кызматынын башка долбоорлорунун алкагында аларга жардам көрсөтүүнү улантышат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.