Кыргызстандын муфтийи
Максатбек ажы Токтомушевге
Урматтуу Муфтий Хазрет!
Орозо Айт майрамында, ыйык Рамазан айынын аякташы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз!
Кылымдар бою бул майрам коомдо терең ишенимдин жана чыдамкайлыктын руханий негиздерин, кайрымдуулуктун жана кечиримдүүлүктүн идеалдарын, боорукердикти жана кайрымдуулукту бекемдөө үчүн кызмат кылып келет.
Динсиздик жана ишенбестик – биздин убактын башкы кемчиликтери, бул тынч жашоонун терең негиздерин бузууга аракет кылып, руханий ооруга кабылган адамдарга гана эмес, бүтүндөй коомго зыян келтирүүдө.
Руханий билимди өркүндөтүү, салттуу руханий тарбияны бекемдөө жана сактоо, Кыргызстан мусулмандарына бөтөн болгон радикалдуу жана экстремисттик идеяларды жайылтууга каршы аракеттенүү боюнча Сиздин ишмердигиңиздин аркасында биздин республикада биримдик жана ынтымак бекемдеп, ар кандай улуттагы жана диний ишенимдеги адамдардын ортосунда конструктивдүү өз ара аракеттенүү өнүгүп жатат.
Сизге, урматтуу Муфтий Хазрет, жана Кыргызстандын бардык мусулмандарына бекем ден соолук, жакшылык жана жыргалчылык каалайм! Орозо Айт майрамы менен бирге ар бир үйгө жана ар бир үй-бүлөгө жылуулук жана кубаныч, ынтымак жана жыргалчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү келсин!
Урматтоо жана жакшылык каалоо менен,
Бишкек жана Кыргызстан епискобу