Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийди эскерүү күнү епископ Даниил Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  10 июня 2019   На русском
В день памяти преподобного Ираклия Иссык-Кульского епископ Даниил возглавил Божественную литургию

2019-жылдын 10-июнунда, Пасха боюнча жетинчи жетиликте, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда болгон Кудайга сыйынуу литургиясын башкарды.

Улуу Урматтууга Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын бардык благочиндиктеринин дин кызматчылары көмөктөшүп турушту.

Салтанаттуу сыйынууда преподобный Ираклийге молебен жасалды. Бул күнү Кудайга сыйынуу литургиясы болуп жаткан убакта Кыргызстан жеринин асмандагы колдоочусунун кубаттары бар рака собордун борборуна орнотулду.

Сыйынуунун соңунда Башчы Даниил прихожандарга архипастырлык сөзү менен кайрылды:

 «Кымбаттуу бир туугандарым, бүгүн биз Ысык-Көлдүк преподобный исповедник Ираклийди эскерип жатабыз жана биздин ыйык атабызга дуба айтабыз. Жерде жашап турган убакта ал биздин жерибизде эмгеги жана эрдиги, оорусу жана кайгысы менен даңазалуу болгон, азыр болсо Кудайдын престолунун алдында биздин күнөөлөрүбүздү кечирүүнү сурап дуба кылып турат. 

Преподобный Ираклий өткөн кылымдын ол алтынчы жылында жана кудайсыз революция жылдарында азап тарткандарга күбө болгон. Кандуу 20 жана 30-жылдары преподобный православ ишенимин коргоп турган. Ата мекен үчүн азап тартуу менен преподобный Ираклий өз эли үчүн жана өзүнүн жанында жашаган кишилер үчүн чарчабастан дуба кылып турган. Анын дубасы жанындагылардын баарына жардам берген. Преподобный Ираклий Кудайдын буйругу менен биздин коргоочубуз, сактоочубуз болуп калды жана Кудайдын алдында өзүнүн руханий кызматын бир мүнөткө дагы таштабайт. Бүгүн биз сиздер менен ыйыкты эскерип турабыз. Бүгүн бизге ушундай коргоочуну, сактоочуну тартуулаган Куткаруучубузга ыраазылык айтып жана даңазалап жатабыз”.

Архипастырлык сөзүн аяктап жатып башчы Даниил сыйынууга келип, Ыйыкка болгон сүйүүсүн билдирген священниктерге жана прихожандарга ыраазылык билдирди. Улуу урматтуу дин жолундагыларды улуу майрамы менен куттуктап, архипастырлык батасын берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.