Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун конференц-залында VI Республикалык «Тебе Бога славим» православ жана дин музыкасынын фестивалы болду

  11 июня 2019   На русском
В конференц-зале Свято-Воскресенского кафедрального собора состоялся VI Республиканский фестиваль православной и духовной музыки «Тебе Бога славим»

2019-жылдын 10-июнунда, Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийди эскерүү күнү,  Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун конференц-залында Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийди эскерүү күнүнө арналган «Тебе Бога славим» VI Республикалык православ жана дин музыкасынын фестивалы болду.

Катышуучулар менен учурашуу сөзүндө епархиянын катчысынын орун басары Алексий Сыромятников Кыргызстан жеринин коргоочусу жана сактоочусу преподобный Ираклийдин өмүрү жөнүндө айтып берди, ошондой эле бардык жамааттарга чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Епархия тарабынан өткөрүлүп жаткан Славян искусствосунун ар жылдык республикалык фестивалдары Кыргызстандагы бул багыттагы бирден-бир фестиваль болуп эсептелет. Ошондуктан көптөгөн элдик чыгармачылык жамааттар чоң кубануу жана ыраазылык менен ага катышып турушат, абдан олуттуу даярданышат жана чын дилден Кудайга ыраазылык айтышат. Фестивалга 14 жамаат жаан 15 солист катышты. Майрам жаркын номерлерге, чыгармачылык баарлашууларга жана кубанычтуу маанайга толуп турду. Фестивалга салт болуп калгандай Дмитрий Солунский атыдагы храмдын (Сосновка айылы), Архистратиг Божий Михаил храмынын (Беловодское) балдар клиростору, Покрова Божией Матери (Кант) храмынын жекшембилик мектебинин хору активдүү катышты.

Фестивалдын уюштуруучусу – Чиркөөлүк ырдоо бөлүмү епископ Даниилге, билим берүү бөлүмүнө жана жаштар бөлүмүнө, майрамды өткөрүүгө жардам бергендерге жана бардык катышуучуларга чын дилинен ыраазылык билдирет.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.