Престольный майрамында епископ Даниил Сошествия Святого Духа храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  18 июня 2019   На русском
В престольный праздник епископ Даниил совершил Божественную литургию в храме Сошествия Святого Духа

2019-жылдын 17-июнунда, Пятидесятница боюнча 1-седмицада, Ыйык Дух күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Сокулук айылындагы Сошествия Святого Духа храмында Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Башчыга көмөктөшкөндөр: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), Беловодск округунун благочини протоиерей Алексей Махров, протоиерей Александр Мезенцев, иеромонах Ираклий (Коростылёв), Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын катчысы иерей Александр Пелин, иерей Виктор Гончарук, иерей Георгий Дворовой, иерей Вадим Паскин.
Сыйынуунун жүрүшүндө Артём Пахомовдун иподиакон хиротесиясы болду.

Сыйынуудан кийин храмдын айланасына кресттүү жүрүш жасалды.

Андан кийин епископ Даниил прихожандарга архипастырлык сөзү менен кайрылды:

“Ыйык Троицанын үчүнчү тарабы – Ыйык Духту эскерүү күнү биз Сошествия Святого Духа храмында чогулдук. Ыйык Дух – бул улуу Сооротуучу. Баары ыйык Духтан дем алат. Ал баарына сиңип турат. Кудай жараткан нерселердин баарына – Ыйык Дух менен жан киргизилген. Кудай ар бир жаратканына өзгөчө кут берген, аны биз өмүр бою пайдаланабыз, алар жер-суу, жемиштер, бак-дарактар жана башкалар.

Ыйык Духтун куту – өзгөчө жана баарына берилет, өзгөчө Кудайдын Престолунун жанында кызмат өтөгөндөргө берилет. Бул бардык дин кызматчылары үчүн жеке Пятидесятница. Ыйык Духтун куту Таинства Священства учурунда түшөт жана рукоположениеде өзгөчө тартууларды берет.  Биздин ар бирибизде бул кут бар, анткени аны биз Крещение купелинде алганбыз. Ыйык Дух дайыма биздин жаныбызда, Ал бардык жерде бар. Кудайдын бардык касиеттери анда дагы бар. Бул тууралуу эстеп жүргөнүбүз абдан маанилүү, жашообуздун ар бир учурунда, дуба айтып жатканда Ыйык Духту эскерип туралы. Ыйык Духтун дубасы «Царю Небесный» биздин сыйынуучу сөздөрүбүздө бар. Бул дуба – бардык иштерибизге, муктаждыктарыбызга жана милдеттерибизге Ыйык Духтун куттуу жардамын чакыруу болот.

Баарыңарды, кымбаттуу бир туугандарым, майрамыңар менен куттуктайм. Сиздердин чын дилден чыккан дубаңыздарга жана  ак дилден сыйынып турганыңыздарга ыраазымын. Кудай берип, ушул ыйык храмга дайыма кишилер толуп турсун. Биз баарыбыз, провославдар, орустар, түшүнүшүбүз керек – храм жок болсо биз өлөбүз, биз жок болобуз, храм жок болсо биз кургак жыгачтай болуп кургап калабыз, анда бизди кыйып жана отко жагып салышат. Баарыбызды Кудай сактасын”.

Сөзүнүн соңунда Башчы Даниил коштошуп жатып баарына архипастырлык батасын берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.