Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  24 июня 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 23-июнунда, Пятидесятница боюнча 1-жумада, бардык ыйыктар жумасында, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.
Улуу урматтуу менен катар сыйынгандар: протоиерей Валентин Никонов, игумен Нектарий (Блинов), иерей Георгий Дворовой, иерей Владимир Кусаинов.
Сыйынуунун соңунда епископ Даниил прихожандарга архипастырлык сөзү менен кайрылып, бул жума бардык ыйыктарды эскерүүгө анрналганын белгиледи. “Ыйыктар биздин жашообуздагы куттун тирүү күбөлөрү болушат. Бирок, биз бул куттан кур калганбыз деп ойлоонун кереги жок. Биздин ар бирибиз Крещение Таинство болгон учурдан тартып бул кутту алганбыз жана бул кут – ал бизге Ыйык Духту табууга жардам берет. Ыйык Духту табуу деген эмне? Биз преподобный Серафим Саровски бир ирет айткан ушул сөздөрдү көп угуп жүрөбүз. Преподобный айткан: “Ыйык Духту тапкыла жана айланадагы миңдеген кишилер куткарылат”. Ыйык Духту табуу – бул биздин Евагелие окуганыбыз, биздин кулагыбыз Кудайдын Сөзүн угат жана бул Сөз кишинин ишине айланат. Бир күнү киши күрдүү жердей болуп Евангелиенин жемиштерин бере баштайт. Ал эми бул жемиштер – сүйүү, узак чыдамдуулук жана кайрымдуулук. Эң башкысы – сүйүүнү табуу. Бул эң башкысы. Эгер биздин жүрөктөрдө сүйүү бар болсо- кайрымдуулук дагы болот, узакка чыдамдуулук дагы болот жана башка жемиштер дагы болот. Сүйүүнү кантип табуу керек? Биздин ыйыктар биз үчүн мыкты мисалы болот. Ыйыктардын ар башка чиндери бар – апсотолдор, такыбалар, преподобныйлар, святителдер, азап тартуучулар, срастотерпецтер жана көптөгөн башкалар, Кудайдын Энесинен башталып ыйык Ангелдерге чейин. Ыйыктар – биз өңдүү эле кишилер. Ыйыктар биз баса тургандай эле турмуш жолун басып өткөндөр. Ыйыктарды кол жеткис сыяктуу бөлүп кароонун кереги жок. Бирок алар бизден эмнеси менен айырмаланышат? Алар өзгөчө жакшы сапаттары менен айырмаланышат. Преподобныйлар – дубакөйлүгү жана кармануусу менен, алар өздөрүнүн денесин күнөөдөн арылтышкан жана улуу дубаны издеп табышкан. Апостолдор – бул жакшы кабарды айтып келгендер жана аларды укканда көптөгөн элдер христиан динин кабыл алышкан. Тең апостолдор – биринчи апостолдордун ыйык эрдигин кайталаган жана өздөрүнүн элдерин Евагелие окуусу менен агарткан ыйык кишилер. Улуу азап тартуучулар, азап тартуучулар жана страстотерпецтер – Христ үчүн кемсинтүү, физикалык азап, куугунтук тарткандар жана жанын бергендер. Такыбалар жана блаженныйлар, Христ үчүн юродивыйлар жана святителдер, бессребниктер жана табыптар дагы ар бири өзүнүн өзгөчө эрдиги менен таанылгандар. Биз ыйыктарга жардам сурап кайрылсак, алар сөзсүз жардам беришет, муктаж болгондорго, дин жолун табууга жана күндөлүк турмуштан кыйналгандарга көмөктөшөт. Биз ар бир ыйыкка кайрылып жана өзүбүзгө камкордук алсак болот. Биз ар бир ыйыктан өзгөчө бир нерсени көрөбүз – бул Кудайдын сүйүүсү. Так ушул нерсе аларды Кудайдын насааттарын аткарууга чакырган, ыйык кылган. Биз дагы Кудайдын сүйүүсүн табышыбыз керек. Бул сүйүү ар бир кишинин жүрөгүндө акырындык  менен иштеп, бизди күнөөлөрдөн арылтат. Эгер бизде ушундай Кудайдын сүйүүсү бар болсо, анда биз Кудайдын иштерин аткарууга жөндөмдүү болуп калабыз, биз ушундай Кудайдын иштерин аткарууну каалай баштайбыз. Эгер бизде мындай сүйүү жок болсо, анда бул каалоо дагы жок болот. Ошондуктан, кымбаттууларым, ыйыктардын жашоосуна көңүл бура жүрөлү. Биз ыйыктардын жашоосу тууралуу окуганда Кудайдын сүйүүсү биздин жүрөгүбүзгө келет. Менимче, биздин ар бирибиз алардын жашоосу жөнүндө окуганда биз да ошондой жашагыбыз келет. Анткени алардын жашоосу Кудайдын сүйүүсүнүн тирүү мисалы”.

Проповедь сөзүн аяктаган Епископ прихожанарды дагы бир жолу майрамы менен куттуктап, баарына Кудайдын жардамын, Кудай Эненин жана бардык ыйыктардын колдоосун тиледи.

 




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.