2019-жылдын 26-июнунда “Кыргызстандын руханий мурасы” VIII балдар-өспүрүмдөр фестивалы болду. Быйылкы фестиваль “Улуу жеңиш: мурас жана мураскерлер” темасына арналды. Москва Патриархиясы тарабынан мындай тема 2020-жылы өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдык маарекесине байланыштуу жарыяланган.
Ысык-Көлдүн жээгине өлкөнүн ар башка православ приходдорунан балдар жана жаштар чогулушту. Өткөн жылдагыдай эле катышуучулар келээри менен жаш курагына жараша отряддарга бөлүштүрүлдү.
Катышуучулардын баары келгенден кийин иерей Илия Меляков аскердик палаткадан жасалган көчмө храмда жакшы иштин башталышына арнап молебень өткөрдү.
Адаттагыдай эле күн ар кандай түйшүктөргө бай болду. Алыскы жолдон эс алаары менен балдар “Таанышуу отуна” даярдана башташты, анда өздөрүнүн отряддарынын презентацияларын көрсөтүү – анын аталашын жана девизин ойлоп табуу керек. Командалардын баары тапшырманы “мыкты” деге баага аткарышты. Айрым отряддар коюлган милдеттт чечүүгө стандарттуу эмес ыкмаларды колдонушту. Алсак, эң улуу отряд КГБ деп аталды, бул белгилүү аббревиатура стандарттуу эмес чечмеленди - Команда Господа Бога.
Фестивалдын катышуучуларына учурашуу сөзү менен билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн башчысы Андрей Кунавин кайрылып, азыкы жаштарга Улуу Жеңиш темасынын маанилүү экендигин белгилеп, балдарга ийгиликтерди жана чыгармачылык эргүү каалады.