Ото Азия митрополия округунун Синодунун жайкы сессиясы 2019-жылдын 26-июнунда округдун башчысы Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентийдин төрагалыгы алдында Ташкент шаарындагы епархиялык Диний-администрациялык борбордо өттү. Синоддун отурумуна Пятигорск жана Черкесск архиепискобу Феофилакт, Түркмөнстандагы Патриархтык приходдордун убактылуу башкаруучусу, Дүйшөмбү жана Тажикстан епискобу Питирим, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил катышты.
Синоддун жайкы сессиясында 20 журнал каралды жана кабыл алынды. Аларда Округдун епархияларынын 2019-жылдын мартынан июнь айына чейинки иш-аракеттери чагылдырылган.
Отурумдун соңунда Ташкент жана Өзбекстан митрополити Викентий Синодго келгендери үчүн, епархияларда жүргүзүлүп жаткан активдүү иштери үчүн архипастырларга ыраазылык билдирип, “Мен Ыйык Патриарх Кириллге биздин Синод тууралуу, иш-аракеттерибиз жөнүндө доклад кылганда, ал абдан кубанат жана эч бир тоскоолуктарга карабастан Орто Азия округунда ушундай иш жүргүзүп жатканыңыздар үчүн баарыңыздарга ыраазылык айтат.
Биз үчүн биздин иш-чараларыбыз региондун турмушундагы чоң окуя болот, себеби биз эч нерсе жасай албай калган убактар дагы болгон. Бирок азыр Кудайдын жардамы менен ишибиз жүрүп жатат. Биздин ишибизге жардам берип жатканы үчүн Кудайга ыраазыбыз, бизге көмөктөшүп жаткан жергиликтүү бийликтерге дагы ыраазылык айтабыз”.
Жооп сөзүндө архиепископ Феофилакт митрополит Викентийден Ыйык Патриарх Кириллге Орто Азия митрополия округунда жүрүп жаткан долбоорлорго көргөзүп жаткан камкордугу үчүн ыраазылык сөздөрүн айта барууну өтүндү.
Орто Азия митрополия округунун жайкы сессиясын аяктап жатканда архипастырлар Киев жана жалпы Украинаны блаженнейший митрополити Онуфрийге 75 жаш мааракеси жана Киев митрополит кафедрасынын башчысы кызматынын 5 жылдыгы мене куттуктоо жөнөтүштү.
Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын маалымат-кызматынын материалдары боюнча