«Кыргызстандын руханий мурасы» VIII балдар-өспүрүмдөр фестивалы ишин аяктады

  02 июля 2019   На русском
Завершил свою работу VIII детско-юношеский фестиваль «Духовное наследие Кыргызстана»

2019-жылдын 30-июнунда “Улуу Жеңиш: мурас жана мураскерлер” темасына арналган балдар-өспүрүмдөр фестивалы жабылды, иш-чарага Кыргызстандын бардык православ приходдорунан 120 киши катышты.

Фестивалдын программасы иш-чараларга абдан бай болду. Спортко арналган биринчи күнү шашка боюнча чемпионат, футболдук беттешүү өттү. Аянтчаларда балдар-өспүрүмдөр фестивалынын катышуучуларынын командалары менен катар «Дзержинец» ден соолукту чыңдоо лагеринин өкүлдөрү дагы катышты.  Мындан тышкары, балдарды иерей Илия Меляков жана волонтерлор өткөргөн көптөгөн пляж оюндары жана эстафеталар кубандырып жатты. 

Экинчи күнү квест жана батюшка менен маектешүү уюштурулду. Квестке Фестивалга келгендердин баары катышты. Оюн казыналарды издөө менен катар православие жана Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу билимдерин бышыктоо максатында өткөрүлдү. Бул жолу “таттуу казыналарды” издөө балдар үчүн өзгөчө татаал жана кызыктуу болду. Казынага жакын баруу үчүн катышуучулар багыт бергичтерди суунун алдынан алып чыгууга туура келип жатты.

Илия Меляков жаштар менен маектешүү өткөрдү. Бул баарлашууда священник интерактивдүү методдорду жана оюндарды пайдаланды, алар аркылуу балдарга жеткиликтүү формада адамдын жашоосундагы эң башкы нерселер тууралуу: ишеним, достук, үй-бүлөлүк баалуулуктар ж.б.у.с. жөнүндө айтып берди.

Чыгармачылык күнү каалоочулардын баары үчүн аквагрим боюнча мастер-класс уюштурулду, анда балдар өздөрүн сүрөтчүнүн ролунда сынап көрүштү жана досторунун беттерине сүрөттөрдү тартышты. Шурулардан, замшы шнурдан жана паракорддон билерик даярдоо боюнча мастер-класстар өзгөчө кызыгууну жаратты. Натыйжада фестивалдын катышуучулары өз ара билериктерин алмашышты, бул буюмдар аларга Ысык-Көлдө бирге өткөрүлгөн убакыт жөнүндө эстеп жүрүүгө жардам берет. Катышуучулардын баалары боюнча термоклейден брелок даярдоо боюнча мастер-класс эң оригиналдуу болуп чыкты.

Коштошуу кечеси оттун жанында өткөн гала-концерт менен аяктады, анда ар бир отряд фестивалдын жүрүшүндө даярдалган номерлерин көрсөтүштү. Фестивалдын уюштуруучулары менен катышуучуларына бардык иш-чараларда көрсөткөн активдүүлүгү жана креативдүүлүгү үчүн сертификаттар жана грамоталар тапшырылды.

Жалал-Абаддан келген балдар өзгөчө айырмаланып турушту. Алар көп сандаган чыгармачылык номерлерин көрсөтүштү жана фестивалдын уюштуруучуларына өз колдору менен даярдалган белектерин беришти.

Салт болуп калгандай, Кудайга сыйынуу литургиясы өткөрүлдү, анын жүрүшүндө каалоочулардын баары Христтин Ыйык Сырларына кабыл алынды жана жаштар кыймылынын колдоочусу - апостол жана евангелист Иоанн Богословдун элесине арналган Всенощное бдение өткөрүлдү.

Адаттагыдай эле фестиваль өлкөнүн ар башка приходдорунан жана региондорунан келген балдардын бекем достугу үчүн старттык аянтча болуп калды, эми алар жаңы жолугушууларды чыдамсыздык менен күтүшөт.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.