Епископ Даниил престольный майрамында Ыйык-Казань эркектер Архиерейлик подворьесинде Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү

  21 июля 2019   На русском
Епископ Даниил на престольный праздник совершил Божественную литургию в Свято-Казанском мужском Архиерейском подворье

2019-жылдын 21-июлунда, Пятидесятница боюнча 5-жумада, Казань шаарында Пресвятая Богородица иконасы келгенин эскерүү күнү, престольный майрамында Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Кара-Балта шаарындагы Ыйык-Казань эркектер Архиерейлик подворьесинде Кудайга сыйынуу литургиясын өткөрдү.

Башчыга көмөктөшкөндөр: архимандрит Пётр (Путиёв), иеромонах Серафим (Шаталин), иеромонах Ираклий (Коростелёв), иерей Георгий Дворовой.

Литургиядан кийин кресттүү жүрүш жасалды.

Кудай Эненин Казань иконасы

Кудай Эненин Казань иконасы Россияда абдан урмат-сыйга алынат. Бул ыйык образ – Кудай Эненин Орус жерине болгон мээрими туралуу унутулгус эскерүү. Анын биздин өлкө үчүн оор жылдары Россия үчүн камкордугунун белгиси.

1552-жылы Казань шаарын Иоан Васильевичтин аскерлери ээлеп алгандан кийинки күнү, монархтын буйругу менен Благовещения Пресвятой Богородицы атындагы собор курула баштаган, бир жылдан кийин Казань епархиясы түзүлгөн жана биринчи Казань владыкасы ыйык Гурий дайындалган. Бирок чейрек кылымдан кийин, 1579-жылы катуу өрт Казань кремлинин жарамын, анын айланасындагы шаардын бир бөлүгүн бузуп салган. Ошондо магомедчилер орустун кудайы кишилерге мээрими   жок жана өрт менен өзүнүн ачуусун чыгарды деп айта башташкан. “Христин дини – деп жазган летописец –притча жана урушка айланган”. Так ошол учурда Кудай өзүнүн Мээримин төккөн. Он жаштагы кызга, жаачынын кызы Матренага түшүндө Кудай Эне келип, өрттөнүп кеткен үйүнөн өзүнүн иконасын таап чыгууну тапшырган. Кызга көпкө чейин эч ким ишенген эмес, бирок 8-июлда (эски стиль боюнча), шаардын бийликтерине ийгиликсиз бара берүүдөн тажаган Матрена өзү барып, Асмандагы Ханыша көрсөткөн орундан иконаны таап алган, ал эркектин кийиминин жеңина оролгон экен. Пречистаянын образы ачык жана даана болгон, икона жаңы эле жазылгандай болчу.

Образды салтанат менен Никола Тулский чикркөөсүнө алып барышкан, анын башчысы такыба иерей, келечектеги патриарх Гермоген болгон, кийин ал Православ дини үчүн поляктардын колунан каза тапкан жана ыйыктардын катарына алынган. Келечектеги святитель Казандагы Кудай Эненин иконасынын кереметтерин жазып кеткен эле.

Падыша Иван Грозный  икона табылган орунга 40 инокиньяга ылайыкталган аялдар монастырын курууга тапшырма берген; Матрена өзүнүн энеси менен бирге жаңы обителде биринчилерден болуп чачтарын кырктырышкан. 1594-жылы бул жерге Казань собору курула баштаган.

Кудайдын эрки менен Казань иконасынын жардамы менен падыша Иоан Васильевичтин тушунда  Россия чыгышка жол сала баштаган. Казань аркылуу Православие Азияга кирип, жалпы Сибирге тарап, Россия мамлекети менен бирге Тынч океандын жээгине чейин жеткен. Бул кыймылдын баарында Казань Кудай Эненин иконасы жол ачып берген. Рюриковичтердин такыба династиясы аяктагандан кийин падышалардын ортосундагы бийлик талашуу башталып, зордук-зомбулук менен коштолгон, казына уурдалган, мамлекеттүүлүк кулаган жана көптөгөн башка кайгы-капа орун алган.

Орустар Кудайга баш ийип жана Кудай Энеге сыйынып, Россияны сактоого аракеттер башталганда аскерлер Казань Кудай Эненин иконасын өздөрү менен ала жүрүшкөн. 1612-жылдын 22-октябрында православ аскерлери Москва Кремлине киришкен, ушул күн Казань иконасына арналып калган.

Минин менен Пожарскийдин аскерлеринен корккон поляктар Москваны таштай качкан. Биринчи эле жекшембиде аскерлер жана борбор калаанын бардык обителдери Казань иконасы менен  салтанаттуу кресттүү жүрүш жасап, анын керемет күчүнө өз көздөрү менен ишенишкен.

Москванын кызыл аянтындагы Казань собору

Москванын кызыл аянтындагы Казань собору москвалык храмдардын эң белгилүүсү. 1636-жылы курулган. Ал жерге икона-бошотуучу алып келинген, азыр образ Богоявленск соборунда сакталып турат.

Полтава согушунун алдында Улуу Петр өзүнүн жоокерлери менен бирге Казань Кудай Эне иконасына сыйынышкан (Каплуновка айылы). 1812-жылы Казань Кудай Эненин образы француз чабуулунун мизин кайтарган орус жоокерлерине дем берген. 1812-жылдын 22-октябрындагы Казань Кудай Эне майрамында орус отряддары Милорадович менен Платовдун жетекчилиги алдында Даву арьергардын талкалашкан.  Бул француздар Москвадан кеткенден кийинки алгачкы чоң жеңиш болгон. Ошол күнү кар жааган, кату суук башталган, ал эми Европаны багындырган армия утула баштаган.

Икона бир гана мамлекет башчыларына гана жол көрсөтпөстөн, аскерлерге дагы жол көрсөткөн – жакшы салт боюнча ушул икона менен жаңы баш кошкондорго бата берилет, бул образ жасаган кереметтердин тизмеси абдан узун, Кудай Эненин образы – Орус жериндеги эң сүйүктүү икона болуп калган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.