Епископ Даниил Владимир соборунда престольный майрамына карата Литургия өткөрдү

  28 июля 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию на престольный праздник во Владимирском соборе

2019-жылдын 28-июлунда, Пятидесятница боюнча 6-жумада, ыйык тең апостол улуу князь Владимирди эскерүү күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Бишкектеги Владимир соборунда литургия өткөрдү.

Епископ менен бирге сыйынганар: архимандрит Пётр (Путиёв), Ош округунун благочини протоиерей Виктор Реймген, Ысык-Көл округунун благочини протоиерей Сергий Чувичкин, протоиерей Алексей Зайцев, протоиерей Алексей Сыромятников, протоиерей Евгений Мезенцев, иерей Анатолий Золотарёв, иерей Георгий Дворовой, иерей Андрей Бутаков, иерей Николай Пелых, иерей Роман Лебедев.

Сыйынуунун соңунда владыка храмды айланта жасалган кресттүү жүрүштү башкарды, андан кийин прихожандарга архиапстырлык сөзү менен кайрылды. Өз сөзүндө владыка Бишкек жана Кыргызстан епархиясы түзүлгөндөн бери 8 жыл өткөнүн эске салды. “Епархия так ушул күнү – тең апостол улуу князь Владимирди – Орус элинин крестителин эскерүү күнү түзүлгөн – бул кишинин арты менен байыркы орустун тоо-ташка табынган дини православ дүйнөсүнө айланган. Князь Владимирдин өмүрүн жана өтөгөн эмгенин үлгү кылып биз өзүбүздүн ички руханий дүйнөбүздү дагы, тышкы чиркөө дүйнөсүн дагы жаратышыбыз керек”.

Ушул майрам күнү, священнник хиротониясынын 25 жылдык мааракесинин урматына III даражадагы Серафим Саровский ордени менен Бишкек епархиясынын дин кызматкерлери - протоиерей Виктор Реймген, протоиерей Сергий Чувичкин, протоиерей Евгений Мезенцев сыланышты.

Сыйлык тапшыруу салтанатынан кийин Башчы Даниил священниктерди мааракеси менен куттуктады жана Кыргызстандагы Орус Православ Чиркөөсү үчүн өтөгөн эмгектери үчүн ыраазылык айтты. “Священниктин жолу абдан татаал жана кандай оор эмгек экендигин билген киши гана түшүнөт. Өзүн жеңип, тышкы тоскоолдуктар менен күрөшүп, алар Православ Чиркөөсүнүн гүлдөп-өнүгүшү, Православ динин көбөйүшү үчүн, жана биздин элибиз  байгер, тынч жана саламат жашасын үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт”. Кайрылуу сөзүн аяктап жатып, владыка Даниил дин жолундагы кишилерди дагы бир жолу престольный майрамы менен куттуктады жана баарына архипастырлык батасын берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.