Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съезди башталды

  03 августа 2019   На русском
В Свято-Воскресенском кафедральном соборе начался II съезд православной молодежи  Среднеазиатского митрополичьего округа. Пленарное заседание

2019-жылдын 3-августунда Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун жыйындар-залында Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съезди башталды. Иш-чарага Кыргызстандын православ жаштарынын III съезди айкалыштыра өтүүдө.

Съезддин ишине 90дон ашык киши катышып жатат. Митрополия округунун жаштарынан тышкары съездге Астана митрополиясынын өкүлдөрү жана “Планетада бирге” эл аралык православ долбоорунун катышуучулары, 8 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Съезддин ачылышынын алдында Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда жакшы иштин башталышына арналган молебен болду, андан кийин пленардык жыйын башталды. Форумдун ачылышына катышкандар: жаштар бирикмелеринин жетекчилери жана өкүлдөрү.

Бишкек жана Кыргызстан еписобу Даниилдин кайрылуусун билим берүү жана катехизация бөлүмүнүн жетекчиси Андрей Александрович Кунавин окуп берди.

Андан кийин жаштардын бирикмелеринин жетекчилери негизги иштин презентацияларын сунуш кылышты. Кабыл алган тарап дагы Кыргызстан епархиясынын региондук жаштар борборлорунун ишин көрсөтүштү.

Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съездине ардактуу мейман катары “Планетада бирге” долбоорунун (Москва, Россия)  жетекчиси А. В. Петросянц чакырылган. Андрей Владимирович съезддин катышуучуларына православдык эл аралык долбоорлорду өткөрүү тажрыйбасын бөлүштү. Ушуну менен пленардык отурумдун иши аяктады.

Съезддин программасы 3 күнгө эсептелген жана конференция, тегерек стол  жана жаштар үчүн команда жаратуучу тренинг, ошондой эле түнкү Литургия, шаар боюнча квест жана тоого саякаттар каралган.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.