Владимир соборунда түнкү жаштар литургиясы өттү

  04 августа 2019   На русском
Во Владимирском соборе состоялась ночная молодежная литургия

3-августтан 4-августка караган түнү ыйык тең апостол улуу князь Владимир соборунда жаштардын Кудайга сыйынуу литургиясы өттү.

Сыйынууну иеромонах Игнатий (Сидоренко), иерей Сергий Арбузов, иерей Илия Меляков, иерей Александр Аношкин жана диакон Виктор Штыркин өткөрүштү. Литургия Владимир соборунун хорунун коштоосу менен өттү.

Литургияга Съезддин катышуучулары гана эмес, Планетада бирге” долбоорунан келген меймандар дагы катышты. Каалоочулардын баары Христтин Ыйык Сырларына биригүүгө мүмкүндүк алышты. Өзүнүн проповединде отец Илия Меляков ыйык Мария Магдалинанын жашоосун айтып берди, ал күнөөгө батып жүргөн кезинде Христке жолуккан жана Анын эң ишенимдүү жолун жолдоочусу болуп калган. Отец Илия храмга баруу менен биздин ар бирибиз, ыйык Мария Магдалина сыяктуу Кудайга жолугаарыбызды, ал эми Христтин Ыйык Сырларына биригүү менен биздин Куткаруучубузга чындап берилген накта христиан болоорубузду баса белгиледи.

Литургиядан кийин баары түнкү тамактанууга барышты.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.