3-августта кечинде, кечки правила өткөрүлүп жана ыйык Причащениеге даярдык көрүүдөн кийин Съезддин катышуучулары Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун аймагынан чыгып, ыйык тең апостол улуу князь Владимир соборуна барышты.
Ал жерде меймандар үчүн Орто Азиядагы эң ири православ храмына экскурсия өткөрүлдү. Каалоочулар үчүн экскурсияны иерей Илия Меляков өткөрдү. Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучуларга храмдын курулушунун, ачылышынын тарыхы, ошондой эле андагы ыйыктар жана иконалар жөнүндө айтылды. Катышуучулар Чернобылдык Спас иконасына өзгөчө көңүл бурушту - бул икона Чернобыль АЭСиндеги жарылуунун кесепеттерин жоюуга катышкан, көзү тирүү кишилердин элеси түшүрүлгөн бирден-бир икона.
Андан кийин катышуучулар түнөөгө даярдык көрө башташты. Съезддин ишинин жүрүшүндө түнкү убакта жаштар аскердик палаткаларда жашап турушат, бул палаткаларды Кант шаарындагы Россиянын авиа базасы берип, Кыргызстан православ жаштар кыймылынын ыктыярчылары жашоого ылайыктап, даярдашкан.