. Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съездинин экинчи күнү. Тегерек стол

  04 августа 2019   На русском
Второй день работы съезда православной молодежи Среднеазиатского митрополичьего округа. Круглый стол

2019-жылдын 4-августунда Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун жыйындар-залында “Орто Азия митрополия округунун православ жаштар кыймылын өнүктүрүүнүн келечеги. Православ жаштар бирикмелеринин эл аралык кызматташтыгы” тегерек столу өттү.

Тегерек столдун алкагында социалдык тармактарда миссионердик иш жүргүзүүнүн келечеги, маанилүү окуяларга арналган бирдиктүү акцияларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган биргелешкен эл аралык акция өткөрүү маселелери каралды.

Андан ары катышуучулар топтордо иштеп, анын жүрүшүндө командалардын өкүлдөрү жогоруда аталган жааттардагы көйгөйлөрдү чечүүнүн өз варианттарын иштеп чыгышты. Иш топтордун презентациялары менен аяктады. Эл аралык православдык коомдоштук түзүү маселеси боюнча «Вконтакте», «Инстаграм» жана «Фейсбук» эң көп колдоо алды. Биргелешкен иш-аракеттер маселеси боюнча катышуучулардын көпчүлүгү социалдык иш-аракеттер менен алектенүү ниетин билдиришти (балдар үйлөрүнө жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө баруу). Ал эми жеңиштин 75 жылдыгына арналган акциялардын эң мыктысы болуп согуштун ардагерлеринин кароосуз калган мүрзөлөрүнө кам көрүүнү уюштуруу сунушу таанылды.









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.