Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съездинин жабылышы

  04 августа 2019   На русском
Закрытие съезда православной молодежи Среднеазиатского митрополичьего округа

Тегерек стол бүткөндөн кийин Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съездинин жана Кыргызстан православ жаштарынын III съездинин жабылышы болду. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча катышуучулар резолюция кабыл алышты.

Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съездинин Резолюциясы 

Бишкек шаары, 2019-жылдын 3-5-августу

 Орто Азия митрополия округунун Синодунун батасы менен 2-5-августта 2019-жылдын 4-августунда Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунун диний-агартуу борборунун жыйындар-залында “Заманбап дүйнөдөгү жаштар” темасына арналган Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съезди болду.

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча, коюлган максаттарга жетүүнү көздөө менен, ар бир заманбап жаш кишинин жашоосундагы Дүйнөлүк  Интернет тармагынын жана социалдык тармактардын маанисин түшүнүү менен жана “Дүйнөлүк тармакта” миссионердик иш-аркеттерди жүргүзүү зарылчылыгын таануу менен, ошондой эле Улуу Жеңиштин руханий мурасынын шартсыз баалуулугун түшүнүү менен Съезд төмөнкүлөрдү зарыл деп эсептейт:

1. Митрополит Викентийге митрополия округунун жаштарынын ортосунда маалымат алмашуу үчүн «Вконтакте» жана «Инстаграмм» социалдык тармактарында, ошондой эле «Телеграмм» мессенджеринде топ түзүү жөнүндө бата алуу үчүн кайрылуу берилсин.

2. Приходдордун башчыларына социалдык тармактарда жаштар менен активдүү жана туруктуу иш жүргүзүүнү сунушталсын.

3. Митрополит Викентийге Митрополия округунун жаштар кеңешин жана жаштар клубдарынын жана кыймылдарынын активисттери кирген приходдордун алдындагы жаштар кеңештерин түзүү жөнүндө өтүнмө берилсин.

4. Иштелип чыккан 2019-2020-жылдарга Митрополиянын аштар бирикмелеринин биргелешкен иш-чараларынын планы бекитүүгө берилсин.

5. Бардык православ жаштарынын бирикмелери Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Синодик поколений” биргелешкен акциясын өткөрүшсүн (ардагерлер көмүлгөн орундарга баруу жана аларды панихидаларда эскерүү).

6. Бишкек шаарында “Өлбөс полк” акциясына катышууга Митрополия округуна кирген бардык епархиялардын өкүлдөрүн тартылсын.

7. Жаштардын бирикмелерине маанилүү даталарга арнаган “Бирдиктүү иш-аракеттер күнүн” өткөрүү сунушталсын.

Резолюция кабыл алынгандан кийин катышуучулардын баарына сертификаттар тапшырылды, ошондой эле жамааттык сүрөткө түшүү болду.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.