Епископ Даниил Кыргызстандын Муфтийин Курман айт майрамы менен куттуктады

  11 августа 2019   На русском
Епископ Даниил поздравил верховного муфтия Кыргызстана с праздником Курбан байрам

Улуу Урматтуу Азирети Муфтий, кымбаттуу Максатбек ажы!

Сизди жана  Кыргызстандын жалпы мусулмандарын жана дин кызматкерлерин Курман айт майрамы менен чын дилден куттуктоого уруксат бериңиз!

Кыргызстанда салттуу диндердин майрамдары биздин өлкөнүн кишилерин бирдиктүү бекем үй-бүлөгө бириктирип жана Кыргызстандыктарды ынтымактуу калкка айлантат. Бул майрам бардык диндерди туткан кишилерге бирдей жакын жана түшүнүктүү болгон, кылымдар бою коомдогу тынчтык менен ынтымактын негизи болгон, эң маанилүү руханий-адептик баалуулуктарды – тынчтыкты сүйүүнү жана кайрымдуулукту, өзүн курмандыкка чалуу менен жакындарына кам көрүүнү чагылдырып турат.

Конфессиялардын ортосунда кылымдар бою калыптанып келген ак ниет коңшулук мамилелердин салттары диндер ортосундагы тынчтык менен ынтымактын бекем негизи, коомдун туруктуу жана бакубат өнүгүшү үчүн бекем тирек болот. Бул руханий мурасты сактоого жана андан ары өнүктүрүүгө кошкон сиздин салымыңыз эң жогорку баага татыктуу!

Бул майрам күндөрү Сизге, Улуу Урматтуу Азирети Муфтий, бардык дин кызматчыларына жана Кыргызстандын жалпы мусулмандарына чын дилимден бекем ден соолук, тынчтык, байгерчилик, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү, майрамдык маанай жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

 

Урматтоо менен,

БИШКЕК ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ЕПИСКОБУ









Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2026 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.