Улуу Урматтуу Сооронбай Шарипович!
Курман айт майрамы менен чын дилден чыккан куттуктообузду кабыл алып коюңуз!
Курман айт эң маанилүү баалуулуктарды – тынчтыкты сүйүүнү жана кайрымдуулукту, жакындарына болгон камкордукту чагылдырып турат. Алар бардык диндерди туткан кишилер үчүн бирдей жакын жана түшүнүктүү, кылымдар бою коомдогу тынчтык менен ынтымактын негизи катары кызмат өтөп келет. Биздин өлкөдөгү кишилерди бирдиктүү үй-бүлөгө бириктирип, Кыргызстанды күчтүү жана ынтымактуу элге айлантат.
Диндер ортосундагы жана этностор ортосундагы сиздин акылман саясатыңыздын арты менен Кыргызстанда ар башка элдердин жана конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосунда тынчтык жана ынтымак сакталып турат, өсүп келе жаткан муундарды салттуу адеп-ахлак жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга тарбиялоо уланып, биздин элибизге жат болгон, радикалдык жана экстремисттик идеялардын каптап кетүү аракеттери токтотулуп жатат. Мамлекеттик бийлик органдары менен диний уюмдардын ортосундагы бир туугандык духундагы конструкциялуу кызматташтык коомдогу тынчтыкка жана бакубатчылыкка шарт түзгөн этностор аралык жана диндер аралык ынтымактын бекем фундаменти болууда.
Ушул майрам күндөрү Сизге жана жалпы Кыргызстандын элине бекем ден соолук, жакшылык жана кубаныч, тынчтык жана ынтымак, бардык иштерди ийгилик коштой берүүсүн каалайм! Ушул майрам күндөрү жүрөктөргө мээрим менен кайрымдуулук толуп, үйүбүзгө кут консун!
Терең урматтоо менен,

БИШКЕК ЖАНА КЫРГЫЗСТАН ЕПИСКОБУ