Балыкчыда епархиялык чиркөө хорлору үчүн XI окуу-билим берүү семинары өттү

  13 августа 2019   На русском
В Балыкчи прошел XI учебно-образовательный семинар для епархиальных церковных хоров

2019-жылдын 7-9-августунда Балыкчы шаарында ыйык блаженная Ксения Петербургская храмынын аймагында Кыргызстан епархиясынын ырчыларынын XI окуу-билим берүү семинары өттү. Бул жолку иш-чара эркек ырчыларга арналды жана 4 благочиндиктен 15  катышуучуну чогултту. Семинардын программасы төмөнкүлөрдөн турду: КНК бүтүрүүчүсү вокалист А.Н. Коноплёвдун эркектердин үндөрүн ыкка келтирүү боюнча мастер-классы;  чиркөө ыры бөлүмүнүн жетекчиси Н.Д. Цуркандын жыйынды хор менен практикалык иши; хордун ыйык Пантелеймонду эскерүүгө арналган Всенощное бдение жана Литургия жөрөлгөлөрүнө катышуусу. Ырчылар кесипкөйлөрдүн кеңешин, ырдоо жана окуу боюнча сунуштамаларын, диний жана дуба жырымдарына катышуу тажрыйбасын алышты. Жетекчинин жана катышуучулардын пикирлери боюнча семинар руханий ийгиликтерге алып келет жана епархиядагы эркектердин чиркөөдө ырдоо чеберчилигин өнүктүрүүгө түрткү берет.

Чиркөө ыры бөлүмү башчы Даниилге, протоиерей Виктор Реймгенге, протоиерей Артемий Долотовго, иерей Илья Мелюковго, матушка  Светлана Долотовага семинар өткөрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн жүрөктөн чыккан ыраазылык билдирет.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.