Изнесение Честных Древ Животворящего Креста Господня. Епископ Даниил литургия жана водосвятный молебен өткөрдү

  15 августа 2019   На русском
Изнесение Честных Древ Животворящего Креста Господня. Епископ Даниил совершил Божественную литургию и водосвятный молебен

2019-жылдын 14-августунда, пятидесятница  боюнча 9-седмицада, изнесения Честных Древ Животворящего Креста Господня күнү, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил  Ыйык-Воскресенск кафедралык соборунда Кудайга сыйынуу литургиясын жүргүздү.

Башчыга көмөктөшкөндөр: архимандрит Петр (Путиев), протоиерей Андрей Борисенко, протоиерей Андрей Кунавин, иерей Георгий Дворовой. Водосвятный молебен жүргүзүлдү жана бал освещение болду.

Сыйынуу аяктагандан кийин епископ Даниил прихожандарга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

“Биздин Куткаруучубуз керилген жыгач – жалпы адамзат тукумун күнөөдөн айыктырат. Жыгач аркылуу Адам менен Ева биздин күнөөгө алып барышты, ал эми куткаруучу жыгач аркылуу күнөөдөн сууруп чыгарды. Ошондуктан христиандар үчүн Кудай керилген Крест – жеңиштин жана даңктын куралы. Өзүбүзгө кресттүү белги тартуу менен биз керилген жана Тирилген Христти исповедь кылабыз, биз жагымсыз сезимдер болгондо же коркунуч келгенде ишенимдин күчүнө, бизди коргогон Кудайдын күчүнө үмүттөнөбүз. Бардык жашоо жагдайларында биз өзүбүзгө крест белгисин тартабыз. Эрте таңда туруп жана күнүбүздү баштаганда, сыйынган жана тамактанган убакта, жолдо жана ар бир ишти баштаганда биз жашообуздун бардык жагдайларына бата алабыз. Жана биз крест белгисине өзүбүздүн ишенимибизди кошкон учурда Кудайдын Крести кандай болбосун супостатты жеңип чыгат. Биз оор жагдайларда гана эмес дайыма Кудай жөнүндө жана Анын күнөөнү жеңип чыккан даңктуу Крестин эстей жүрүшүбүз керек. Биз ар бир күнүбүзгө Кудайдын Крестинен бата алышыбыз керек, көндүм болгон адат менен эмес, такыбаалык менен, Кудайдын чексиз кудуретине ишенүү менен бата алышыбыз керек. Бизге оор жагдай келгенде жана кишилерден коркунуч жаралганда биз өзүбүздү крест менен белгилеп жана  «И с миром всё нечистое да исчезнет, и всякое человеческое, да сокрушится» деп айтышыбыз керек. Биз өзүбүзгө Кудайдын Крестин тагуу менен жан-дүйнөбүзгө тынчтык жана бейпилдик жана өлкөбүзгө кут тилешибиз керек. Кудайдын крести – биз туу тутуп жашай турган ыйык, биз колдоно турган күч. Аминь”.

Проповедин аяктаган владыка прихожандарга архипастырлык батасын берди.

Башкы бир нече кулактандыруу жасады. 6-сентябрдан 9-сентябрга чейин В.В. Путиндин садага каражаттарына тартылган Спас Нерукотворный иконасы келет. Ыйык Патриархтын батасы менен бул икона Россия Федерациясынын борбордук аскердик иконасы болуп калат. Бизде Россиянын Кант аба базасы бар болгондуктан бул икона биринчи кезекте кафедралык соборго алынып келет жана 9-сентябрда аскердик храмга алып барылат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.