«Планетада бирге» Кыргызстанда

  12 августа 2019   На русском
«Вместе на планете» в Кыргызстане

2019-жылдын 3-августунан баштап 11-августуна чейин Бишкек жана Кыргызстан епархиясына “Планетада бирге” эл аралык православ долбоорунун катышуучулары келишти, бул долбоор ар башка өлкөлөрдүн православ жаштарын бириктирип турат. Бул долбоордун маңызы бүткүл дүйнөдө бирге зыярат кылуу аркылуу дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүндө жашаган православ жаштарынын ортосундагы байланыштарды чыңдоо.

Долбоордун катышуучулары Орто Азия митрополия округунун православ жаштарынын II съездине келишти, анда долбоордун жетекчиси катышуучуларга эл аралык православдык долбоорлорду жүзөгө ашыруу тажрыйбасын айтып берди. “Планетачылар” тегерек столго катышып, ортоазиялык православ жаштарынын кыймылын өнүктүрүүнүн келечегин жана православ жаштарынын эл аралык кызматташтыгын талкуулашты.  Анда жашаган жерине карабастан, бардык жаштар менен бирге өткөрүүгө мүмкүн болгон иш-чаралар сунушталды, 2019-2020-жылдарга биргелешкен иш-чаралардын болжолдуу планы даярдалды.

Съезд бүткөндөн кийин долбоордун балдары Кыргызстандын православ жаштар кыймылы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп турган ыйык улуу азап тартуучу Екатерина чокусундагы сыйынуучу крестке чыгууга катышышты.

Андан кийин епархиянын жаштар иштери боюнча секторунун кызматкерлеринин жана Кыргызстандын жаштар кыймылдарынын волонтерлорунун коштоосунда долбоордун катышуучулары Кыргыз Республикасы боюнча зыярат жүргүзүштү. Алар Нарын облусундагы Таш-Рабат архитектуралык эстелигине барышты, андан кийин Ысык-Көлдүн айланасындагы ыйык жайларда болушту.

Кыргызстандын православ жаштарынын өкүлдөрү “планетачылар” менен бирге Каракол шаарындагы Святая Живоначальная Троица храмындагы кудай Эненин Тихвин иконасына жана Ананьево айылындагы Ысык-Көлдүк преподобный Ираклийдин мүрзөсүнө акафисттерди жүргүзүштү, ошондой эле Түп айылындагы сыйынуу крестинин жанында лития аткарышты. Мындан тышкары, зыярат жүрүштүн катышуучулары мурдагы Свято-Троицк монастырына барышты. Визиттин соңунда Балыкчы шаарындагы ыйык блаженная Ксения Петербуржская храмындагы литургияга катышышты.

Сапарды уюштурууга Ыйык-Воскресенск кафедралык собору жана ыйык тең апостол князь Владимир собору (Бишкек), Троица храмы (Каракол) олуттуу салым кошушту,  Балыкчы шаарындагы ыйык блаженная Ксения Петербуржская храмында долбоордун катышуучулары үчүн түнөк жана тамак-аш уюштурулду. “Планетачыладын” жашап турушун уюштурууга ЖККУнун Кант аба базасы чоң көмөк көрсөттү, алар балдар жашап турганга палаткаларды беришти.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.