Епископ Даниил КР Президентин Эгемендик майрамы менен куттуктады

  31 августа 2019   На русском
Епископ Даниил поздравил Президента КР с Днем Независимости

Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович!   

Кыргыз Республикасынын Эгемендик күнүнүн 28 жылыгы менен чын дилден чыккан куттуктообузду кабыл алып коюңуз!

Бул майрам Кыргызстан мекени болгон, сүйүктүү мекенин өнүктүрүүгө күч-кубатын жумшоого даяр турган ондогон элдерди бириктирип турат.

Салттуу нравалык жана руханий баалуулуктарды сактап калуу ар бир мамлекет үчүн өнүгүүнүн негизи болот. Сиз жүргүзүп жаткан диндер аралык чөйрөдөгү акылман жана келечектүү саясаттын натыйжасында өлкөдө уникалдуу, руханий-нравалык потенциал – конфессиялар аралык жана улуттар аралык тынчтык, өз ара түшүнүшүү жана жарандык ынтымак сакталып турат.

Кыргызстандык православдар өз орундарында биздин өлкөбүздү ар тараптуу жана толук кандуу өнүктүрүүгө багыттылган Сиздин идеяларыңызды жана конструктивдүү демилгелериңизди колдоого жигердүү жана иштиктүү катышып жатышат. Күн сайын Кудайга сыйынган убакта биз мекенибизге тынчтык жана кут берүүсүн, Сизге, мамлекет башчысына, акылмандык жана Сиз койгон максаттарга жетүүгө чечкиндүүлүк беришин сурап келебиз.

Кыргызстандагы Орус Православ Чиркөөсүнө мындан ары дагы колдоо көрсөтөөрүңүзгө, диндердин ортосундагы тынчтыкты жана өлкөдөгү туруктуулукту сактап калууга көмөк көрсөтөөрүңүзгө чын дилден ишенебиз.

Ушул салтанаттуу күнү, чын дилимден, дуба кылуу менен Сизге, Улуу Урматтуу Президент бекем ден соолук узак өмүр, аткарып жаткан кызматыңызга Кудайдын батасын жана көмөгүн тилейбиз, республиканын жашоочуларына – тынчтык, кут-берекет, гүлдөп-өнүгүү сурайбыз!

Терең урматтоо менен,

Бишкек жана Кыргызстан Епискобу

2019-жылдын 31-августу




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.