Бүгүн, 31-августта, жалпы өлкөдө Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнүн 28-жылдыгы майрамдалып жатат. Бул күнү салт болгондой, Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара болуп, анда өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков чыгып сүйлөп, калкты майрамы менен куттуктады.
Иш-чарага Епископ Даниил дагы катышты.
Бийликтин маалыматына ылайык өлкөнүн башкы аянтында миңден ашык киши: алардын ичинде мамлекеттик кызматчылар, саясатчылар, дипломаттык мекемелердин өкүлдөрү, атактуу спортчулар, маданият ишмерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары жана шаар тургундары болушту.