«Светоч» мектебинде Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка болду

  01 сентября 2019   На русском
В школе «Светоч» состоялась торжественная линейка, посвящённая Дню знаний

2019-жылдын 1-сентябрында Ош шаарындагы Архистратиг божий Михаил храмынын алдындагы Православдык Чиркөө_Приходдук “Светоч” мектебинде Билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка болду.

Литургиядан кийин храмдын башчысы жана мектептин духовниги Виктор Реймген окуу жылынын башталышына арналган, ошондой эле Кудайдан жараткандардын баарын сактап калууну суранган молебень өткөрдү. Сыйынуудан кийин мектеп аянтында майрамдык салтанат башталды, анын башкы каармандары мектеп босогосун жаңыдан атап жаткан биринчи класстын окуучулары болушту. Катышуучуларды мектептин директору Виктор ата, завуч Яковлева Ирина Анатольевна, ошондой эле ардактуу меймандар: Ош шаарындагы Россия Федерациясынын башкы консулу Роман Викторович Свистин жана Ош шаарындагы Роскызматташтык өкүлү Куканбаева Елена Георгиевна куттуктап, окуучуларга жакшы насааттарын айтышты. Меймандар мектепке көмөкчү окуу китептерин жана китептерди белекке беришти. Салт болуп калгандай биринчи коңгуроо жаңы окуу жылын баштап берди!




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.