Ташкентте Орто Азия митрополия округунун Синоду өттү

  08 сентября 2019   На русском
Синод Среднеазиатского митрополичьего округа прошел в Ташкенте

Орто Азия митрополия округунун Синодунун күзгү сессиясы 2019-жылдын 7-сентябрында Ташкент жана Өзбекстан епархиясынын Диний-административдик борборунда Округдун башчысы Ташкент жана Орто Азия митрополити Викентийдин төрагалыгы алдында өттү. Синоддун отурумуна Пятигорск жана Черкесск архиепискобу, Түркмөнстандагы Патриархтык приходордун убактылуу башкаруучусу Феофилакт жана  Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил катышты. Ошондой эле Синоддун отурумуна жакында Орус Православ Чиркөөсүнүн Ыйык Синоду тарабынан дайындалган Дүйшөмбү жана Тажикстан епархиясынын башкаруучу архиерейи Преосвященный епископ Павел алгачкы жолу катышты.

Синоддун отурумунда акыркы бир нече айдын ичинде Округдун епархияларында болгон негизги окуялар жазылган 14 журнал каралды.

Синоддун күзгү сессиясынын жыйынтыктарын чыгарып жатып митрополит Викентий округдун Синодунун отурумуна катышуу үчүн убакыт таап келген архипастырларга ыраазылык билдирди, окуругдун епархияларында жүрүп жаткан иштер тууралуу айтып берди, ошондой эле ушул күнү Нью-Йорктон Ташкентке алынып келген Кудай Эненин керемет жаратуучу Курск иконасын тосуп алуу салтанатына катышууга чакырды. Башчы ошондой эле Дүйшөмбү епархиясына архиерейлик кызматка жаңыдан дайындалган епископ Павелди куттуктады.

Катышып жаткан архипастырлардын атынан жооп сөзүндө архиепископ Феофилакт Москва жана жалпы Орус ыйык Патриархы Кириллге Орто Азия митрополия округунун паствасына кам көргөнү жана берген батасы үчүн ыраазылык айта бурууну суранды.

Автор: Ташкент жана Орто Азия епархиясынын маалымат кызматы




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.