Түптө Кудай Эненин Владимир иконасынын Сретение күнүндө эскерүү иш-чараларды өттү

  09 сентября 2019   На русском
В Тюпе прошли памятные мероприятия в день Сретения Владимирской иконы Божией Матери

7-8-сентябрда Кудай Эненин Казань иконасы храмынын (Түп айылы) прихожандары Бабьий Лог жергесинде өлтүрүлгөн айыл тургундарын жана Орто Азияда жашап жана жабыр тарткандарды эскерүүгө арналган иш-чара өткөрүштү.

7-сентябрда храмдын башчысы жана прихожандары зыяратчыларды жана эскерүү тамагына чакырылган меймандарды кабыл алышты. Кечинде, Всенощное бдение өткөндөн кийин храмдын башчысы Феогност ата Түп районуна алгачкы жолу көчүп келгендердин жашоосу, алардын тиричилиги жана жүз жыл мурда болгон, алардын айрымдарынын азап тартуу менен өлүшүнө алып келген трагедиялуу окуялар туралуу атып берди. Батюшка Бабий Лог деп аталган жерге эстелик крестти тургузуунун этаптары жөнүндө дагы айтып берди. Меймандар ыйык азап таруучу Александр Юзефовичтин – Преображенский айылындагы священниктин жашоосу жөнүндө; 1932-жылы атылып кеткен дыйкандун жашоосу тууралуу поэманы жана башка аңгемелерди угушту. Адабий кечеден кийин меймандар башчыга суроолорун беришти.

8-сентябрда, Литургиядан кийин храмдан баштап бир туугандардын мүрзөсүнө жана эстелик крестке чейин кресттүү жүрүш жасалды. Ал жерде каза болгондорго лития окулду, андан кийин эскерүү тамагы берилди.

Иш-чаралар трагедиялуу окуялардын жүз жылдыгына арналды.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости