Епископ Даниил Литургия жана «Спас Нерукотворный» иконасынын алдында ыраазылык молебень өткөрдү

  09 сентября 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию и благодарственный молебен перед иконой «Спас Нерукотворный»

2019-жылдын 9-сентябрында, Пятидесятница боюнча 13-седмицада, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил Литургия өткөрдү жана орус аскерлеринин ыйык колдоочуларынын ыйык кубаттары бар «Спас Нерукотворный» образынын алдында ыраазылык молебенин өткөрдү.

Ббашчыга көмөк көрсөткөндөр: протоиерей Валентин Никонов, архимандрит Пётр (Путиёв), иерей Евгений Циклаури, иерей Георгий Дворовой.

Сыйынуу бүткөндөн кийин Епископ прихожандарга архипастырлык сөзү менен кайрылды.

“Кымбаттуу бир туугандарым, Москва жана жалпы Орустун Ыйык Патриархы Кириллдин батасы менен биздин соборго «Спас Нерукотворный” образы келди. Бул святыня Россиянын аскер бөлүктөрү жана базалары турган Россиянын жана КМШнын бардык шаарларына саякаттап жүрөт. Бул икона Ыйык-Воскресенк кафедралык соборунан кийин Кантка, Караколго жана Чалдыбарга – биздин аскерлерибиз эмгектенип жана жашап жаткан, биздин тынчтыгыбызды жана жашообузду коргоп жаткан жерлерге барат. Андан ары бул ыйык православ динин чыңдоо жана аскерлерди ыйык кызмат өтөөгө батасын берүү үчүн 12-сентябрдан кийин Россия кетет. Образ Россиянын бардык аскер бөлүктөрүн кыдырып чыккандан кийин Подмосковьедеги чоң аскер соборунда туруктуу сакталып калат. Ар башка шаарларды кыдырып чыккан бул икона жан дүйнөбүздү тазартууга жана тынчтандырууга жардам берет деп ишенем.  Жаман кырдаал болбосун, бул иконаны аскердик жаңжал болгон жерлерге алып бара турган жагдай болбосун деп сыйыналы. Кудай анын жүзүн ары кылсын. Бул образ Россияда жана бүткүл дүйнөдө тынчтык жана ынтымак үчүн кызмат өтөй берсин. Себеби азыркы убакта кан төгүүнү жана башаламандыкты тилеп турган көптөгөн адамдар бар. Согуш болуп, кишилер өлүшүн каалашат. Негизинен бул адамдар согуштан акча тапкысы келгендер. Бу акылсыздык, аны желмогуз жасайт. Бирок биздин Кудайыбыз тынчтыкка чакырып турат. Киши баласы жерде тынчтык менен ынтымак болсун үчүн, кишилердин жүрөгүндө Кудай – сүйүү уяласын үчүн келген.

Башчы Даниил биз – кыргызстандыктар мусулмандар көп болгон өлкөдө жашоо менен өзүбүздүн православ динибизди эркин тутууга, Кудайдын тынчтыгы ар бир кишинин жүрөгүнө орношу үчүн эркин сыйынууга мүмкүнчүлүгүбүз бар болуп жатканынын өзү керемет экенин басы белгиледи. “Биз, православдар ушуну унутпашыбыз керек жана өзүбүздүн сүйүүбүз менен жана дубаларыбыз менен биздин көп улуттуу жана көп диндүү өлкөбүздүн бардык жарандарына Кудайдын тынчтыгын сурап турушубуз керек”.

Маалымкат:  «Спас Нерукотворный Россиянын аскер бөлүктөрүнө жана базаларына саякаттап жүрөт. Святыня баатыр-шаар Севастополдон жолго чыккан,  ал эми сапары Москвадагы Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы храмында, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында аяктайт. Россия асркерлеринин башкы храмы ыктыярдуу садагалардын эсебинен “Патриот” аскердик-патриоттук паркында салынып жатат жана 2020-жылы ачылат.   

«Спас Нерукотворный» иконасы Иисус Христтин ыйык жүзүнүн канондук сүрөтү, уламыш боюнча материянын  тилимине кереметтүү түрдө тартылып калган жана Куткаруучу өзүнүн колу менен Авгарь V падышанын кызматчысына тапшырган. Иконадагы Христтин жүзүн Россиянын мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы белгилүү окуяларды сүрөттөгөн Казандагы, Владимирдеги, Смоленсктеги жана Тихвиндеги Кудай Эненин көркөм рельефтерге жайгаштырылган образдары курчап турат.

Иконаны дайыма коштоп жүргөн ковчегде төмөнкү 8 ыйык колдоочулардын ыйык бөлүкчөлөрү бар: улуу азап тартуучу Георгий Победоносецтин, апостол Андрей Первозванныйдын, святитель Николай Чудотворецтин,  преподобный Сергий Радонежскийдин, улуу азап тартуучу Варваранын, апостол Петрдун, улуу азап тартуучу Пантелеймон Целителтин Кара Деңиз флотунун командачысы жана флоттогу эң барктуу ыйыктардын бири болгон Феодор Ушаковдун кубаттары бар.

Куткаруучунун образы коло складенга жайгаштырылган жана салмагы 100 кг жакын. Складени жок иконанын өзүнүн өлчөмү 98x84x10 см.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости