Ыйык князь Владимир мектебинде Мамлекеттик тил майрамына арналган иш-чаралар өттү

  23 сентября 2019   На русском
В школе святого князя Владимира прошли мероприятия, приуроченные к празднованию Дня государственного языка

Иш-чара кыргыз тилинин гимнин аткаруу менен башталды, мектептин фойеси орто класстардын окуучулары даярдаган дубал гезиттер менен кооздолду, кыргыз тилинин жана адабиятынын ачык сабактары өттү. Ал тургай майда класстардын окуучулары дагы ушул күнү мамлекеттик тилде сүйлөшүүгө аракет жасап жатышты: алар “Май токоч” жомогун кызыгуу менен окушту. 10-класстын окуучулары сабакта ролдук жагдайды ойноп беришти. Алар окутуучунун жетекчилиги алдында китепканага “барышты”, ал жерден балдарды “кызматкерлер (классташтары) тосуп алып, таанып-билүү сабагын өткөрүштү.

Табышмактар, макалдар жана лакаптар, ырлар жана акыйнек айтылды... Тил – бул бүтүн дүйнө. Тил – бул улуттун байлыгы. Тил – маданияттын бир бөлүгү. Ал адамзаттын ишинде эң маанилүү орунду ээлеп, илимди жана өндүрүштү, салт-санааны изилдөөгө, саясат жана искусство менен алектенүүгө мүмкүндүк берет.

 Кыргыз тили – бул эң ириде оозеки салттар, алар тууралуу элдик дастанчы – акындардын чыгармачылыгы күбөлөндүрүп турат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.