Епископ Даниил жана епископ Паисий Караколдогу Троицк храмында литургия өткөрүштү

  03 октября 2019   На русском
Епископ Даниил и епископ Паисий совершили Божественную литургию в Троицком храме Каракола

2019-жылдын 3-октябрында, Пятидесятница боюнча 16-жетиликте, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Даниил менен Яранск жана Луза епискобу Паисий Ысык-Көл благочиндигинин Каракол шаарындагы Живоначальная Троица храмында өткөн Кудайга сыйынуу литургиясын башкарышты.

Владыкаларга Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын дин кызматкерлери көмөктөшүп турушту.

Сыйынуудан кийин архиерейлер Троицк храмынын башчысы протоиерей Сергий Чувичкинди священник хиртониясынын 25 жылдыгы менен куттукташты.

Маалымкат: протоиерей Сергий Чувичкин, 1973-жылы туулган.

1993-жылы Ташкенттеги Диний окуу жайын бүтүргөн. Окуу жайын аяктагандан кийин Караколдогу Троицк храмында священник Александр Дубановдун кол алдында иштеген – сыйынуу ырасмыларына пономарь жана ырчы катары катышып турган. 1994-жылдын октябрында иерей санына көтөрүлгөн, ал эми 1994-жылдын декабрында Жалал-Абаддагы Успения Божией Матери храмынын башчылыгына которулган.

2001-жылдын 7-августунда отец Сергий Жалал-Абаддагы храмдын башчылыгынан бошотулган жана Каракол шаарындагы Живоначальная Троица храмынын башчылыгына дайындалган.

Христтин Пасхасында, 2003-жылдын апрелинде протоиерей санына көтөрүлгөн.

Азыркы убакта отец Сергий Ысык-Көл благочиндигинин жетекчиси, Живоначальная Троица храмынын башчысы жана храмдын алдындагы жалпы билим берүүчү орто мектептин директору болуп эмгектенип жатат.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:




На главную страницу   Все новости