Епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык жыйынында Диний литургияны аткарды

  13 октября 2019   На русском
Епископ Даниил совершил Божественную литургию в Свято-Воскресенском кафедральном соборе

2019-жылдын 13-октябрында, Элүүнчү күн боюнча 17-жумада, Бишкек жана Кыргызстандык епископ Даниил Ыйык-Воскресенск кафедралык жыйынында Алексеей чебинде эртең мененки Диний литургияны аткарды.

Анын Урматына төмөнкүлөр кызмат кылды: митрофордук протоиер Валентин Никонов, архимандрит Петр (Путиёв), иерей Георгий Дворов, иерей Владимир Кусаинов.

Литургия аяктагандан кийин чексиз укуктуу кожоюн Даниил келгендерге архипастырдык сөздөрү менен кайрылды.

«Бүгүнкү окууда, евангелист Лука абдан маанилүү учурга биздин көңүлүбүздү бурдуруп жатат – бизге бирөө жардам берсе, биз ал адамга абдан жакшы мамиле кылабыз, ал эми бизге ким жамандык кылса, биз ага жаман мамиле кылабыз. Бүгүнкү евангель окуусунун мааниси төмөнкүдө камтылат: бизди ким жакшы көрсө ошону эле жакшы көрүшүбүз керек эмес, душманыбызды да жакшы көрүшүбүз керек. «Жаратканыбыз сыяктуу боорукер болгула». Биз православия динин тутабыз, эгерде ага Евангелие сунуштагандай туура келбесек , анда «православияда» маани жок. Себеби өзүбүз менен иштебейбиз. Адам биринчи эле күнөө менен төрөлөт, Чокунуу аркылуу бул алгачкы күнөөлөр жуулуп кетет, бирок күнөө менен коштолгон жаратылыш калып калат, ошентип өмүрүбүздүн аягына чейин күнөөлөрүбүздөн арылуу үчүн эмгектенип калабыз. Бирок, эгерде биз жаман көргөндү жаман көрүп жатсак, ал эми жакшы көргөндөрдү гана жакшы көрүп жатсак, кантип арылабыз? Бул учурда биз бир эле жерде кадам таштап, алдыга жыла албайбыз. Асмандагы жараткандын өзүнүн үйүнө жетиш үчүн, бул өлгөндөн кийин гана мүмкүн нерсе, биз жерде жашаган убакта евангельс боюнча жашашыбыз керек. Эмне үчүн биз өлүмдөн коркобуз? Себеби, биз даяр эмес экендигибизди билебиз. Анткени бир эле орунда тебеленгенбиз, анткени акыл-эсибиз бизди көрсөтүп турат.

Бүгүнкү Евангелие бизге жардам берет. Биздин жашообуздагы маанилүү кадам – баарын жакшы көрүү. Бизге ким кымбат болсо аны да, жашообузду кыйындатып жаткандарды да жакшы көрүшүбүз керек. Душмандарыбызга карата көрсөтө турган мээримдигибиз жана сүйүүбүз аларды таң калтырат. Душманга болгон биздин сүйүүбүз, башында мейли жооптуу эмес болсун, бул конкреттүү адамдын таш болгон жүрөгүнө тийип, керек болсо аны өзгөртүп коёт. Жаратканга жетүү күч менен болот. Биз күн сайын аракет кылышыбыз керек, күн сайын өз ой-жүгүртүүбүздү, сезимдерибизди жана ушул сезимден келип чыккан кылык-жоруктарыбызды иштетишибиз керек. Мен, бизге ким жаман мамиле кылса, ошолорду кечирүү – абдан жана аябай эле кыйын деген ар бир адам менен макулмун. Дал ушул, биздин бул бурулушубузда, эмгектенүү керек. Кудайдын сүйүүсү бар дегенди сезиш үчүн,  биз  бул күнөөлөрдү багынуу аркылуу өзгөртүшүбүз керек. Албетте, бул үчүн убакыт талап кылынат. «Ой, мен сени кечирдим» деп эле, дароо эле баары жакшы жана жылмакай болуп калбайт. Ичиңде жиниң кайнап жана буркан-шаркан түшүп жатат да, жөн эле көрүнүү үчүн кечирип койдуң. Бул кечирүү эмес, чынында эки жүздүүлүк болуп калат. Ошондуктан, чыныгы кечирүү үчүн убакыт жана дайыма өзүң менен иштөө талап кылынат. Чокунуу жардам берет – Кудайым, кечирүүгө жардам бер, кайрадан ажырабаганга күч бер, эч нерсеге карабастан жакшы көрүүгө күч бер. Эмгектенүүнүн аркасынан, сынуу болот, кекирейгендик сынып, биздин жүрөгүбүздө Кудайдын сүйүү  искрасы пайда болот. Кудайдын сүйүүсү качан пайда болот? Биз отурганда, жатканда, басып баратканда, сүзүп жатканда, учуп жана ойлонуп жатканда: Кудайым, айлананын баары кандай сонун, керек болсо бул күнөөлүү дүйнөдө бардыгы өзгөчө. Кудайдын сүйүүсү көрүнгөндө, ал баарына көрүнөт. Керек болсо жаман иштерди кылган эң кара санатай адамга да, аны бир жагынан кечирүүгө мүмкүн эмес, ал эми экинчи жагынан аны карап туруп бооруң ооруйт, ал байкуш жана бактысыз адам. Анын жашоосу кандай болгон, аны кандай жагдайлар ачуулантты жана дал ушундай кылып салды? Ойлонуп, бул адамга бооруң ооруй баштайт. Бул боор ооруугандык – «андан эмне алуу керек, оорулуудан» деген теңсинбегендик, же бул боору ооругандык эмес эле, биздин бой көтөрүүчүлүк жана биздин калп эле басымдыгыбыз. Сен качан чоочун адамдын күнөөлүү оорусуна кайгырып, өч албай, жамандык жасабай, аны аяганда, ошондо бул боору ооругандык чыныгы болот. Белгилеп өтөм, жөн эле кечирип коюу мүмкүн эмес, убакыт бергиле, эмгектениңиз жана сыйыныңыз, болбой жатат дебестен, өзүңүздүн ички туюмуңуз менен дайыма күрөшүңүз. Оңуан чыгат. Бир күнү, оңунан чыгат. Бул адамды түшүнүүгө өзүңүздү кыйнасаңыз, ал таптакыр сиздей эмес, бирок аны сендей эле Кудай жараткан. Мына ушул жерден, биз бүгүнкү Евангель окуусунун «силердин Асмандагы атаңардай боорукер болгула» деген акыркы сөзүнө келип жеттик.

Сөзүн аяктагандан кийин, епископ Даниил келгендерди архипастыр батасы менен бата берди.




Поделиться в соцсетях:







Последние новости:


Смотрите также:



На главную страницу   Все новости





© 2024 Русская Православная Церковь. Бишкекская и Кыргызстанская епархия.
Все права защищены.