2019-жылдын 14-октябрында, Элүүнчүнүн 18-жетинчилигинде, Ыйык Богородица Покровун майрамдоо күнүндө Бишкек жана Кыргызстан епископу Даниил Кудай Эне сыйынуучу жайда ыйык майрамда Диний литургияны аткарды. Талас аймагынын покрову.
Анын Урматына төмөнкүлөр кызмат кылышты: архимандрит Петр (Путиев), Покров сыйынуучу жайынын башкы дин кызмтчысы протоиерей Дмитрий Шушпанов, иерей Георгий Дворов.
Литургия аяктагандан кийин чексиз укуктуу кожоюн Даниил сыйынуучу жайдын айланасын чокунуу менен тегеренип чыгып, келгендерге архипастырдык сөздөрү менен кайрылды, ал башкы дин кызмтчысын жана келгендерди сыйынуучу жайдын 125 жылдыгы менен куттуктады. «Кудайга шүгүр, сыйынуучу жай (храм) сакталып калды! Кудай менен жолуккусу келген ар бир адам, биздин Ыйык Чиркөөнүн сырдуу сыйынуусуна катышууга, бул жерге келе алат». Чексиз укуктуу кожоюн Даниил эски храмды жакшы сактап келгендери үчүн баарына ыраазычылык билдирип өттү, өзгөчө жакшырткандардын жана кайыр кылып берүүчүлөрдүн эмгегин белгиледи, алардын эмгегинин аркасынан храм акыркы эки жылда бир кыйла жакшырган. «Храм жөнүндө кубануу Кудайдын кудуретине, анын боорукерлигине байланышта, Кудай Энеге анын ыйык Покров үчүн ыраазычылык билидербиз. Мен ошондой эле жергиликтүү сыйынган адамдарга да ыраазычылык билдирип өткүм келет, ар кандай кырдаалдарда динге ишенимин жоготпостон, Кудайдын храмын сактап калышты».
125 жылдык юбилейге карата епископ Даниил храмага карагачтан жасалган, бишкектин усталары жасаган Ысык-Көл Ираклиясынын иконасын, сол колуна коюлган анын ыйык жасалгалары менен белекке берди. «Сиздерди ыйык сия коргоп, тынчтандырып жана күчтүү кылып турсун. Ар бириңер Бишкекке келип, мындай нерсени кармап сыйына албайсыңар, ошондуктан биздин жаратканыбыз дайыма сиздердин жаныңыздарда болот». Ошондуктан анын урматына бийик стол, курмандык чалынуучу жер жана ушулар үчүн жаңы сыйынгычты даярдоого бата берди, келгендерге, жакын арада Покров храмында туруктуу сыйынгыч адам келерин айтты. Сөзүн аяктагандан кийин, чексиз укуктуу кожоюн Даниил христиандар үчүн Кудайдын батасын жана сыйынуучу Ыйык Богородица Покровун сурады.